Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:04

Кошмо Штаттары Иракка каршы согушту ирак элин Саддамдын катаал режиминен бошотуу үчүн эмес, өлкөнүн мунай байлыгына эркин чыгуу жана аны каалагандай башкаруу максатында баштаган деген сын пикирлер кеңири жайылган. Бирок, адистердин айтымында, өлкөнүн соңку жылдары кароосуз калган мунай өнөр жайын жакынкы 2–3 жылда калыбына келтирүү мүмкүн эмес дешет.

Ирак согушун Сындоочулардын пикирине караганда, Вашингтон менен Лондон Ирактын мунай кендерине ээлик кылуу үчүн Саддамды курмандыкка тартууда. Ирак мунай кору боюнча дүйнөдө Сауд Арабиясынан кийинки экинчи бай өлкө. Демек, АКШ терроризм коркунучу бар башка өлкөлөргө кол салбастан, Иракты мунай үчүн бутага алды деп алар боолгошот.

Мунай боюнча эксперттер мындай көз карашка макул эмес. Ирактын мунай өнөр жайын кирешелүү тармакка айлантуу үчүн бир нече жыл зарыл болот. Саддамдын режими Кувейтке каршы согуштан кийинки 12 жылда мунай өндүрүүчү ишканаларды кароосуз калтырып, алар азыр техникалык жактан кайра жабдууга муктаж. Ошон үчүн, Ирактын мунай өнөр тай тармагына келерки 2-3 жылда кеминде 2 миллиард доллар инвестиция сарпталышы шарт дейт Лондондогу Дүйнөлүк отун-энергетика проблемаларын үйрөнүү борборунун талдоочусу Манучер Такин.

- Менин оюча, эки жылда баары оңдолуп, кадыресе калыбына келтирилет. Ошентип, эки жылга жакын убакыттын аралыгында өндүрүштүк мүмкүнчүлүккө ылайык же Иран-Ирак согушуна чейинкидей күнүнө 3,5 миллион баррель мунай өндүрүлө баштайт.

20-мартта азыркы согуш башталганга дейре Ирак күнүнө 2,5 миллион баррель кара май өндүргөн. 1 баррель - 139 литрге барабар. Анын 2 миллион баррелге жакыны тышкы базарга сатылып, мунай өндүрүшүн тындырбай жабдып турууга мүмкүндүк берген. Улуттар Уюмунун “Мунай ордуна азык-түлүк” программасы да ушул мунайдын эсебинен камсыздалган.

Ирактагы проблемар жөнүндө Такин мындай дейт:

- Техникалык проблемалардан тышкары өндүрүштүн мүмкүнчүлүгү да чектелүү. Менин оюмча, жаңы өкмөт мыйзамый негизде түзүлүүсү шарт...
Аркандай кеп-сөздөрдү угуудабыз. Өлкө Улуттар Уюмунун мандаты астында болобу, кандай болгондо да ирактыктар өздөрү жана сүргүндөгү оппозициянын өкүлдөрү чогуу отуруп, убактылуу өкмөттү түзүшү, ишти баштоосу зарыл деген ойдомун.


Ирактын мунай кендери үчүн болгон күрөшкө удаа согуштан кийинки Иракты
башкаруу боюнча да талаш-тартыштар кызуу жүрүүдө.
Бир жагында, “Коалицияга кирген өлкөлөр Иракты реконструкциялоодо негизги ролду ойнош керек” деп АКШ турса, ага каршы тарапта - “Ирактын жаңы өкмөтүн түзүүгө Улуттар Уюму жетекчилик кылсын” деген Европа Биримдиги жана Россия турат. ЕБ жана Россия Ирактын мунай кендерин иштетүүгө мурдатан катышып келген. Коалициянын курамындагы Британия да ушундай көз карашта экенин ачык айтууда. Алардын жалпы пикири жөнүндө Германиянын канцлери Г. Шрөдер 3-апрелде мындай деп билдирген:

- Ирак калкы өз келечегин өзү чечиши керек. Алардын укугу бузулбашы керек. Өлкөнүн мунай жана табигый байлыктары ирак элинин башкаруусунда болушу шарт.

Вашингтон бардык чыгымды америкалык салык төлөөчүлөргө жүктөбөө үчүн ирак мунайынан түшкөн кирешенин айрым бөлүгүн өлкөнү реконструкциялоого пайдаланмакчы болууда. Буга эл аралык коомчулук каршы. Мындан башка да, Ирактын эл аралык мунай компаниялары менен түзгөн келишимдерин аткаруу жана тышкы карыздарын төлөө абзел.
“Вашингтон Пост” гезитинин (7.04) жазышынча, Ирактын тышкы карызы 115 миллиард менен 200 миллиард доллардын ортосунда болот.

Эксперттердин эсеби боюнча, эгер Ирак күнүнө 6-7 миллион баррель кара май өндүрсө, согуштун чыгымы жабылып, кайра курууга акча кенен жетмек. Бирок, ОПЕК буга азыртан эле каршы. Чет өлкөлөрдөгү ирактык эксперттердин Ирак ОПЕКтин мүчөсү болсо да, өлкөгө бөлүнгөн үлүштөн ашыкча мунай өндүрүүгө колу бош болсун деген кеңешин мунай экспорттоочу өлкөлөр уюму чочулоо менен кабыл алды.
“Файнэншл Таймс” гезитинин (8.04) боолгошуна караганда, ОПЕКтин мүчөлөрү Ирактын мурдакыдай күнүнө 3,2-3,5 миллион баррель мунай өндүрүүсүнө каршы болот көрүнөт.
XS
SM
MD
LG