Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:25

ГЕРМАНИЯ: ИРАКТА СОГУШТАН СОҢ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮЧҮ ИШТЕРДИН УҢГУСУ УЛУТТАР УЮМУНА ТААНДЫК


Согуштан кийинки Иракты калыбына келтирүү жараянын ким жетектейт деген маселе эл аралык коомчулукта кайчы пикирлерди жаратууда. Алсак, согушка каршы болгон өлкөлөрдүн бири - Германия Иракты калыбына келтирип, башкаруу органдарын түзүүдө жетектөөчү роль АКШга эмес, Улуттар Уюмуна ыйгарылышы керек деп эсептейт. Расмий Берлин, ошондой эле, НАТО уюму Иракта кандайдыр бир бейпилдик миссиясын аткараарынан күмөнсүнөт.

Ирактын согуштан кийинки келечегин аныктоодо кимге кандай орун тиери жөнүндөгү маселенин айланасында да кайра эле согуш башталаар алдындагыдай кырдаал түзүлүүдө. АКШ менен Британиянын Саддам Хусейндин режимине карата күч колдонуусуна каршы чыккан өлкөлөр - Германия, Франция жана Орусия, - эми Вашингтондун согуштан кийинки Иракты калыбына келтирүүгө жана башкарууга байланышкан пландарына да ынанбай жатат. Аталган үч өлкө тең согуш бүтөр замат АКШнын аскерлери стабилдүүлүктү сактоо үчүн Ирактын аймагын көзөмөлдөшү керек, бирок андан кийин жетектөөчү роль Улуттар Уюмуна берилиши абзел деп эсептешет. Бул маселени Германия, Франция жана Орусия өткөн аптада ич ара макулдашты. Немец канцлери Герхард Шрөдөрдин айтымында, Иракты калыбына келтирүү жараянын Улуттар Уюмунун жетектөөсү ага эл аралык коомчулуктун катышуусун мыйзамдаштыруу үчүн зарыл:

- Калыбына келтирүү жараянын Улуттар Уюмунун калканычы астында гана уюштурууга болот. Мен легитимдүүлүктү камсыз кылуунун башкача жолун көргөн жокмун.

Саясий талдоочулардын пикиринде, немец өкмөтүндөгү жетекчилердин соңку билдирүүлөрүн АКШга берилген жооп катары кароого да болот. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл согуштан кийинки Ирактын келечегин өткөн аптада Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен талкуулаган учурунда Улуттар Уюму калыбына келтирүү жараянына катышарын, бирок жетектөөчү роль Саддам Хусейндин режимин бийликтен кулатууну мойнуна алган коалицияга таандык экенин айткан эле. Пауэлл ага катар НАТО уюму Иракта бейпилдик орнотуу иштерине тартылышы мүмкүн экенин да ишара кылган.Германиянын өкмөтү Иракты калыбына келтирүү жараяны учурунда НАТО уюму кандайдыр бир бейпилдик миссиясын аткарышынан да күмөнсүнөт. Немец тышкы иштер министри Йошка Фишер белгилегендей, алар согуштан кийинки Ирактын ишине НАТОнун аралашуусун көздөбөйт:

- НАТОнун ролу жөнүндөгү идея өтө эле абстрактуу. Биз буга приоритет катары карабайбыз жана көп деле ишенбейбиз.

Албетте , немец өкмөтү НАТОнун айрым бир мүчөлөрү Ирактагы бейпилдик операцияларына тартылышы ыктымал экенин жокко чыгарбайт. Берлин согуш БУУнун уруксаты менен башталбагандыктан, бейпилдик миссиясына НАТОнун уюм ирээтинде катышуусуна макул эмес. Немец парламенти - Бундестагдын төмөнкү палатасынын төрагасы Вольфганг Тиерс:

- Биз бул согушка каршыбыз. Биз муну катачылык деп эсептейбиз. Биз аны актай тургандай эч нерсе жасабашыбыз керек.

Немец өкмөтү азырынча согуштан кийинки Иракка гуманитардык жардам көргөзүүдөн гана баш тартпай турганын ачыктаган. Өлкөдөн он миңдеген тонна азык-түлүк, дары-дармек, үй тирилигинде керектелүүчү буюм-тайымдар жыйналды. Жардамдын бир бөлүгү Иракка жөнөтүлдү. Германиянын жардамы ирактыктарга Кызыл Чырым коому жана европалык гуманитардык уюмдар аркылуу таратылмакчы. Жергиликтүү саясатчылардын айрымдары өкмөттү Иракты согуштан соң калыбына келтирүү же ага каржылык жардам көргөзүү ишине катышпоого үндөп жатканы менен, немец курулуш фирмалары бул жараянга аралашууну каалайт. Ал Иракта жолдорду , көпүрөлөрдү же башка долбоорлорду куруу боюнча контрактардын бир бөлүгү бизге да тийип калабы деп үмүттөнүшөт. Саясий аналитиктердин көз карашында, немец өкмөтүнүн азыркы туруму өлкөдөгү коомдук пикирди чагылдырат. Сурамжылоолорго караганда, калктын 80% Ирактагы согушка каршы.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG