Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:41

ӨЗБЕКСТАНДАГЫ ДЫЙКАН ЧАРБАЛАРЫНЫН ПРОБЛЕМАЛАРЫ


Жаркын Темирбаева, Прага Өзбекстанда карапайым дыйкандардын бийликке карата нааразылыгы курчуп бараткандай. Бийликтин кысымынан бир катар дыйкан чарбалары жоюлду. Мына ушундай кырдаалда президент Ислам Каримов айыл чарба продукцияларын көзөмөлдөөнү дыйкандардын колуна берүү тууралуу кезектеги токтомун жарыялады.

Өзбекстандын президенти Каримовдун дыйкан чарбаларынын ишин жакшыртууга арналган кезектеги жардыгында жер иштеткен дыйкандардын кызыкчылыгы алдыңкы орунда турат. Бирок дыйкандар президенттин мындай жардыгына анча ишене беришпейт. Себеби, дыйкан чарбалары мамлекеттик планды аткарбаганы үчүн бийликтин ар кандай кысымдарына дуушар болуп келген. Ошондон улам жеке дыйкан чарбалары менен бийликтин ортосунда нааразылык пайда болуп, алар өз ара соттошууларга чейин барышууда. Өзбекстандын айыл жана суу чарба министри Сахибжан Акрамовдун айтышынча, мындан ары, президенттин жардыгына ылайык, дыйкандарга мамлекеттик план-тапшырма берилбей турган болду.

Жергиликтүү байкоочулар Ислам Каримов бул кадамга аргасы кеткенден барып жатат деген пикирде.

Өзбекстанда пахтанын планы өткөн жылы аткарылбай калган. Пахта өлкөнүн тышкы соодадан түшкөн кирешесинин жарымынан көбүн берет. Ал эми айыл чарбасын реформалоо Дүйнөлүк банк менен болгон келишимдердин негизинде жүргүзүлгөн жана өкмөт жеке дыйкан чарбаларынын өз алдынча өнүгүп кетүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү үчүн дыйкандарга өз карамагыңардагы жердин жарымын каалаган максатта иштеткиле деп чакырык жасаган. Ошондой эле дыйкандар жерден алган түшүмүнүн төрттөн бир бөлүгүн мамлекеттик баада сатса, калган бөлүгүн өндүрүлгөн түшүмдүн сапатына ылайык базар баада сатышмак.

Бирок бул шарт бийлик тарабынан аткарылган эмес. Тескерисинче, бийликтегилер жер-жерлердеги дыйкан чарбаларын каалагандай тескеп туруп алган. Тактап айтканда, дыйкандар өндүргөн түшүмдөрүн арзан баада сатууга мажбурланган. Ага көнбөгөн дыйкан чарбалары административдик кысымдарга учурап, чарбанын ээлигине же ижарага жер алалбай кыйналышкан. Бул тууралуу өзбекстандык дыйкан Балтабай Байманов өз сөзүндө тастыктады.

Жизак облусундагы дыйкан чарбалар биригип өз алдыларынча жашылча-жемиш эккен 662 гектар жер акимдин буйругу менен айдатылып салынган. Биринчи жолу мындай болуп жаткан жок. Бийликтегилердин бул өңдүү зордук-зомбулугунан улам облустун чарбалык соту фермерлердин арызданууларына жык толгон. Соттун өкүмү менен Жизак облусунда 350 дыйкан чарбасы иштебей калган. Бийликтин буйруктарына баш ийбеген дыйкан чарбаларына таштактуу же суу чыкпаган, шор баскан жерди берүү кеңири жайылтылган көрүнүшкө айланган.

Өзбек бийликтеринин айтышынча, мындан ары дыйкан чарбаларына жер бөлүп берүү маселесинде баш-аламандыкка жол коюлбайт. Буйрукчул административдик ыкма өзүнүн жакшы жагын көрсөтпөгөнүн бийлик мойнуна алуу менен катар, Айыл жана суу чарба министрлигинде өндүрүштү жакшыртуу боюнча кеңеш берүүчү жаңы бөлүм ачылды. Бирок, өкмөттүн мурдагы буйрук-токтомдору өндүрүштө эч кандай өзгөртүүлөрдү алып келбеди деп санаган дыйкандар президент Каримовдун соңку жардыгынан деле майнап болоруна ишенишпейт.

Самаркан облусундагы укук коргоочу Камилжан Ашуров мындай дейт:

- Дыйкандардын мамлекеттин кагаз жүзүндөгү жардамына ишенбегендиктерин түшүнсө болот. Буга чейин өкмөттүн ар кандай прогрессивдүү делген иш-аракеттери дыйкан чарбалары үчүн жамандык менен бүткөн.

Көз карандысыз экономист Мирзо Галибдин айтымында, өкмөт кандай гана жардыгын чыгарбасын, айыл чарба тармагын көзөмөлдөөдөн ал эч качан баш тартпайт. Анткени, мамлекеттик мекемелер пахтанын соодасын бүтүндөй көзөмөлгө алып, жеке менчик ишканалардын пахта соодасына аралашуусуна жол бербейт. Дыйкан чарбалары чыныгы эркиндикке өз укуктары үчүн күрөшүп гана жете алат деп тыянак кылат Мирзо Галиб.

XS
SM
MD
LG