Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Жугуштуу ооруга каршы чаралар күчөтүлдү


БИШКЕК. «Кытайдын өпкө кагыны» деген ат менен дүйнө жүзүнө тарап бараткан жугуштуу оорунун вирусун Кыргызстанда аныктоого мүмкүнчүлүк жок. Эгер кимдир-бирөө бул ооруга чалдыккан деген шек болсо анын анализдери Орусиянын Москва шаарындагы Вирусология институтуна жөнөтүлөт. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлжигит Аалиев, башкы санитардык врач Людмила Штейнке кабарлашты. Алардын айтымында бардык чек ара бекеттеринде, темир жол станцияларында, автовокзалдарда, аба майдандарында оорунун алдын алуу боюнча коопсуздук чаралары көрүлүп, чет өлкөдөн келген унаалар жана шектүү жарандар текшерилүүдө. Чет өлкөлөр менен иштешкен туристтик фирмаларга да атайын көрсөтмөлөр берилди. Кытайдан тараган бул оору менен быйыл февраль айынан бери дүйнөдө 2223 киши ооруп, анын 100дөн ашууну көз жумду.

XS
SM
MD
LG