Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:55

Кыргызстанда күтүүсүз кырдаалдар боюнча командалык-штабдык машыгуу башталды


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын бардык аймагында аткаруу бийлигинин, аскерий башкармалыктардын жана жергиликтүү жамааттардын катышуусу менен эки күндүк командалык-штабдык машыгуу башталды. Ага республикалык штабдын башчысы Николай Танаевдин ордуна биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов жана штаб жетекчисинин жер-жерлердеги орун басарлары – губернаторлор жетекчилик кылышууда. Машыгуу күтүүсүз кырдаал түзүлгөн учурда анын алдын алып, ырааттуу жөнгө салуу, бардык маалыматтарды чогултуп, иликтеп туруп, максатка ылайык туура чечимдерди кабыл алууга мамлекеттик башкаруу органдарынын даярдыгын жогорулатуу, кыйын кырдаалда чечкиндүү чара көрүүгө жетекчилерди даярдоо максатын көздөйт. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, машыгуу эки баскычта, түштүк жана түндүк региондор үчүн өз-өзүнчө өткөрүлөт. 10-апрелде боло турган экинчи баскычта барымтага алынган адамдарды, имараттарды тартип коргоо органдарынын күчү менен бошотуу боюнча машыгуу жүргүзүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG