Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Кыргызстандын Акыйкатчысы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады


БИШКЕК. «Кыргызстандын мыйзамдарын Конституциянын жаңы редакциясына туура келтирүү максатында 34 барактан турган сунушту тышкы иштер министрине жибердим», - деп билдирди Кыргызстан Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу бүгүнкү маалымат жыйынында. «Алардын ичинде «Жарандык жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен Кыргызстан жарандарын башка мамлекетке бербөө, «Ички миграция жөнүндөгү» мыйзамдагы адамдардын укугун чектөөчү бардык беренелерди алып салуу жана Турак-жай кодексине өзгөртүү киргизип, соттун чечимисиз эч бир жаранды үйүнөн кууп чыгарбоо нормаларын киргизүү бар», деди Акыйкатчы. Турсунбай Бакир уулунун айтымында, Акыйкатчынын аппараты кызматкерлер менен толук камсыз болду, бирок Оштон башка региондордо Акыйкатчынын өкүлчүлүктөрү үчүн имарат маселеси чечилбей турат.

XS
SM
MD
LG