Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Кыргызстан Иракка гуманитардык жардам берүүгө даяр


БИШКЕК. Кыргызстан Иракты калыбына келтирүү ишинде гуманитардык жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн тышкы иштер министри Аскар Айтматов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан Иракка инженерлерди, куруучуларды, дарыгерлерди, өзгөчө кырдаалда иштөөчү адистерди, азык-түлүк жана башка керектүү товарларды жөнөтө алат. Бирок бул, албетте, согуштан кийин Иракта тынчтыкты калыбына келтирүү милдетин өз мойнуна алып жаткан АКШ-Англия коалициясынын жана БУУнун чечимине ылайык болот. Ал эми АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О'Киф бул маселе согуш аяктагандан кийин Иракка каршы коалицияга кирген мамлекеттердин эркине жана БУУнун бүтүмүнө жараша чечилээрин билдирди. Элчинин айтымында, Иракта гуманитардык кризиске жол бербеш үчүн азыр эл аралык коомчулук 1 миллион тонна азык-түлүк, АКШ өкмөтү 200 миллион долларлык товар жана 670 миллион тонна азык-түлүк, БУУнун Азык-түлүк программасы алдыдагы төрт айга 133 миң тонна тамак-аш бөлдү.

XS
SM
MD
LG