Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Өзбекстандын бийликтери өлкө президентинин отставкага кетишин талап кылган укук коргоочуну камап, алты сааттан кийин бошотушту


Өзбекстандык ооган согушунун ардагерлери ассоциациясынын төрагасы Олег Николаев өткөн жекшембиде машинесинин терезелерине "Президент Каримов – отставкага кетсин!", "Өзбек өкмөтү – отставкага!" деген плакаттарды тагып алып, Ташкендин көчөлөрүн кыдырып чыккан болчу. Анын жубайы Татьяна бүгүн Олегди машинеде бараткан жеринен 15 чакты милиция кызматкери кармап кетип, алты сааттан кийин бошотконун билдирди. Өзбекстандын мыйзам сакчылары Олег Николаевдин мойнуна "мыйзамсыз плакаттарды даярдап-пайдаланган" деген кине тагышты.

XS
SM
MD
LG