Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:32

Пхеньян АКШны Корей жарым аралын согушка түртүп жатат деп айыптады


Түндүк Кореянын армия башчысы, генерал Ким Йон Чун эгерде АКШ Пхеньяндын сүйлөшүү баштоо жөнүндөгү сунушуна кулак салбаса, бардык жоопкерчиликти өзүнө алат деп эскертти. Кытай - Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинде шаршембиде өтө турган Түндүк Корея боюнча талкуу - кризисти азайтууга жардам бербейт деп эсептейт. Бээжин башынан эле Түндүк Кореянын өзөктүк программасынын тегерегинде келип чыккан кризисти – Вашингтон менен Пхеньяндын ортосундагы сүйлөшүүлөр гана чече алат деген пикирде. Шейшембиде Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Лосюков да БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги талкуу Пхеньян проблемасын күчөтүүдөн башка пайда алып келбейт деп билдирди.

XS
SM
MD
LG