Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

«КЫТАЙДЫН ӨПКӨДӨН КАГЫНУУ ООРУСУНУН» АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРҮП ЖАТАТ


8-апрелде Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүп, дүйнөнүн дарыгерлеринин эсин эки кылып аткан «Кытайдын өпкөдөн кагынуу оорусунун» алдын алуу боюнча Кыргызстанда кандай иштер жасалып жатканы тууралуу айтып беришти. Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнө жүзүндө 2223 киши ушу дартка кабылып, жүздөн ашуун адам каза тапты. Кыргызстандык дарыгерлердин тынчсызданганы – оорунун очогу Кытайда. Кыргызстан болсо Кытай менен ирегелеш.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, «Кытайдын өпкөдөн кагынуу оорусунун» алдын алып, анын Кыргызстанга келишине бөгөт коюу максатында жергиликтүү дарыгерлер болгон күч-аракетин жасоодо. Бул үчүн министрдин орун басары, республиканын башкы санитардык дарыгери Людмила Штейнке үстүбүздөгү жылдын 19-мартында «Кытайдын өпкөдөн кагынуу оорусуна» каршы күрөштү уюштуруу жөнүндө» №12 токтомго кол койгон.

- Ооруну Кыргызстанга келтирбеш үчүн Кытайга каттаган жолдордун санитардык-карантиндик бекеттеринде медициналык көзөмөл күчөтүлдү. «Манас» жана «Ош» аба майдандарында, Кытайдан келүүчү автоунааларды биринчи болуп кабыл алуучу «Торугарт», «Эркечтам» чек ара бекеттеринде жана «Бишкек-2» темир жол станциясында чет өлкөлөрдөн келчү унааларга жана жүргүнчүлөргө медициналык көзөмөл күчөтүлдү, - деди Люмила Штейнке.

Анын айтымында, эл аралык катнаштын тоомунда жайгашкан бекеттердеги медициналык кызматкерлерге оорунун алдын алуу боюнча көрсөтмөлөр берилип, дартка чалдыккан өңдүү шектүү жүргүнчү байкалса, аны дароо бөлүп алып, медициналык кароодон өткөрө турган атайын жайлар даярдалды.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлжигит Аалиевдин айтымында, Кыргызстанда азырынча бул коркунучтуу дарт менен ооругандар жок. Бирок, тынчсызданууга негиз бар. Анткени, оорунун очогу болгон Кытай - Кыргызстандын коңшусу.

- Учурда министрлик тарабынан олуттуу иш-чараларды жүргүзүп жатабыз, - дейт Гүлжигит Аалиев. – Кыргызстанда, Кудай сактасын, азырынча бул дартка чалдыккандар каттала элек. Бирок ал капысынан эле келип калышы мүмкүн. Себеби, Кытай менен, башка Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекеттер менен катнашыбыз бар, туристтер каттайт дегендей. Бирок бизди кыйнаганы – бул оору кандай микроб же вирустан тарай тургандыгы белгисиз болуп турат. Ошого жараша аны дарылоо да кыйын болуп жатат. Ошол себептен, биздин милдетибиз – бул кеселди Кыргызстанга келтирбешибиз керек.

«Кытайдын өпкө кагынуу оорусу» же «Гонконг сасык тумоосу» деген ат менен белгилүү болгон бул дарт үстүбүздөгү жылдын февраль айында Гонконгдо пайда болду. Аны алгач италиялык дарыгер Карло Урбани мурда катталбаган жаңы оору катары аныктап, бул кеселге биринчи болуп чалдыккан америкалык ишкерди Ханойдогу ооруканада дарылаган болчу. Тилекке каршы, дарыгер өзү да аны жугузуп алган экен, 29-мартта каза болуп калды. Дарыгерлер оорунун эмнеден пайда болгонун да так аныктай албай жатышат. Ошого жараша ооруга каршы шыпаа болчу дары-дармек да алигүнчө табыла элек.

«Оорунун биринчи белгилери кандай жана андан кантип сактаныш керек?» - деген суроого Жугуштуу дарттардын республикалык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Нуриса Муратова мындай жооп берди:

- Биздин ооруканага бул дартка чалдыгып жардам сурап келген адам, Кудай сактасын, азырынча боло элек. Бул оору өтө коркунучтуу жугуштуу дарттардын бири экен. Ал кадимки сасык тумоо – грипп сыяктуу болуп башталат. Алгач - биз, дарыгерлер, ал учурду инкубациялык мезгил деп коебуз, жашыруун мезгили - адамга жуккандан баштап оорунун алгачкы белгилери байкалганга чейин бир апта, он күн өтөт экен. Демек, ким болбосун бир апта өткөнгө чейин бул ооруну жуктуруп алганын деле билбей, беймарал жүрө берет. Алгач адамдын эти ысып, жөтөлүп, башы ооруп, чүчкүрүп, алы кетет. Сасык тумоого окшогону менен бул дарттын коркунучтуулугу - ошол биринчи күндөрү эле өпкө кагынып, адам дароо каза табышы ыктымал.

Нуриса Муратованын айтымында, адам ооруну жуктуруп алганын 10 күнгө чейин билбей, куландан соо кишидей жүрө бергенинен улам, чет өлкөдөн бул дартты жугузуп алгандар дал ошол 10 күн аралыгында Кыргызстанга соо кишидей келе бериши да мүмкүн:

- Эгерде оорулуу дартты жугузуп алган алгачкы күндөрү медициналык текшерүүдөн өтсө анын дени сак же оорулуу экенин дарыгер да аныктай албайт. Ошондон улам Кытайдан же башка жактан бул ооруну жугузуп алгандар алгачкы күндөрү Кыргызстанга келип, чек ара бекеттеринен, аба майдандарынан куландан соо кишидей эле өтүп кетиши да ыктымал. Бирок, мындан Кудай сактасын! – дейт Нуриса Муратова.

Ооруну дароо аныктоого кыргызстандык дарыгерлердин мүмкүнчүлүгү жетишпейт. «Себеби, кеселди таратуучу вирустун өзү өтө кыйынчылык менен аныкталат жана аны аныктоочу жабдуулар Кыргызстанда жок», дейт Нуриса Муратова:

- Ооруга чалдыгып калган болуш керек деп шектелген адамдын анализдерин алып, бул ооруну аныктай турган жабдуулар Кыргызстанда жок. Ошол себептен Москвага, орус окумуштууларына жардам сурап кайрылууга аргасыз болобуз.

Кыргызстандан Кытайдын Үрүмчү шаарына эки учак каттайт жана айына Кыргызстандан Кытайга миңге жакын жүргүнчү каттаса, ал жактан 800-900 мейман келет. Кытайга каттоочу учактарды жана автоунааларды таптакыр токтотуп коюуга да мүмкүн эмес.

- Бүткүл дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму андай кескин чара көрүүгө азырынча бизди үндөй элек. Анын үстүнө, Кудай сактасын, Кыргызстанга «Кытайдын өпкөдөн кагынуу оорусу» келелек, - дейт Гүлжигит Аалиев.
XS
SM
MD
LG