Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:04

“КАМЕКО” КЫРГЫЗСТАНГА УБАДА КЫЛГАН 550 МЛН. ДОЛЛАРДЫН ОРДУНА 52 МЛН. ДОЛЛАР ЭЛЕ БЕРДИ


Сапар Орозбаков, Бишкек Мындан 10 жыл мурун “Камеко” Кумтөр алтын кенин иштетүүгө алып жатып, Кыргызстанга "550 млн. доллар төлөп берем” деп кызыктырган болчу. Азыр ал болгону 52 млн. доллар берди. “Камеконун” жетекчилери аны алтындын баасы түшүп кетиши менен байланыштырышат. Бирок жергиликтүү эксперттер кеп жалаң гана баада эмес экенин белгилешет.

Көпчүлүктүн эсинде болсо керек, «Камеко» Кумтөр алтын кенин иштетүүгө алып жатканда «2008-жылга чейин Кыргызстанга 550 млн. доллар төлөп берем» деп ишендирген. Анын ичинде 346 млн. доллар дивиденд болуш керек болчу. Азыр «Кумтөрдүн» алтынынын теңинен көбү казылып кетти. Бирок андан биздин өлкөгө, «Камеконун» өзүнүн эле маалыматы боюнча, болгону 52 млн. доллар киреше түштү. Болгондо да бул акчанын көпчүлүгү - салыктан түшкөн акча. Ал эми дивидендден болсо «Камеко» Кыргызстанга 6 млн. доллар гана берген. Муну, мурда айтылгандай, «Камеконун» жетекчилери алтындын баасынын түшүп кетиши менен түшүндүрүп келишет. Бирок жергиликтүү эксперттер кеп жалаң гана баада эмес экенин айтышууда.

- Менин оюмча бул жөн эле шылтоо. Алтындын баасы эч качан туруктуу болгон эмес. Дүйнөдө алтын казган компаниялардын бардыгы эле таасирдүү иштеп жатышпайбы. Алтындын баасы түшүп кеткен күндө да «Камеко» ошого даяр болуп, пайдасыз чыгымдарды азайтыш керек болчу, - дейт мурдагы депутат, айтылуу «алтын комиссиянын» мүчөсү, азыр Кыргызстандагы Славян университетинин профессору Шергазы Мамбетов.

Эксперттердин айтымында, «Камеко» эч качан биргелешкен ишкананын пайдалуу болушуна кызыккан эмес. Ал башында эле кыргыз тарапты ишкананы башкаруудан таптакыр оолак кармап, Кумтөрдүн каражаттарын өзү каалагандай пайдалангысы келген. Ал анын бардык ресурстарын иштин натыйжасына карабай түздөн-түз Канададагы өз ишканасына которуп турууну көздөгөн. Мисалы, биргелешкен ишкананы курууга 175 млн. доллар ашыкча акча кеткени көпчүлүккө маалым. Бул тууралуу учурунда чуу чыкканда «Камеко» да, анын кыргызстандык колдоочулары да ал акчанын кайда кеткенин так айтып бере алышкан эмес. Мисалы, алар «60 млн. долларды инфляция жеп кетти» деп түшүндүрүшкөн. Бирок смета доллар менен түзүлгөндүгү белгилүү. Андыктан ал акчанын 3 жыл ичинде инфляцияга учурашы мүмкүн эмес болчу. «Камеконун» айтканына ишенбеген жергиликтүү массалык маалымат каражаттары «доллар Америкада гана доллар, Кыргызстанда болсо ал сомдон айырмасы жок» деп тапандык кылышкан.

«Камеко» биргелешкен ишкананы башкарганы ар бир унция алтындан 4,5% акча алат. Бул жылына 5 млн. долларды түзөт. Ал ушул акчаны Кумтөрдүн иши жаман болсо да, жакшы болсо да алып жүрөт. Ал эми анын ишкананы кандай башкарып жатканын, башкасын коюп авариядан эле билсе болот. 1998-жылы 2 тоннага жакын цианид сууга төгүлүп, Барскоондун эли ууланган болчу. Өткөн жылы болсо кендин бир капталы кулап кетип, ишкана токтоп калды.

- Болгондо да 9 млн. тонна. Мен билгенден Тяншан аймагында кен иштетүүдөгү авариянын эң чоңу, – дейт Шергазы Мамбетов.

Авариянын айынан Кыргызстан бюджетке киргизилген 1,5 млн. доллар акчаны ала албай калды. Ал эми «Камеко» болсо өзүнүн 5 млн. долларлык башкаруу акысынан баш тарткан жок.

Алтындын баасы түшүп кеткени үчүн кен пайда бербей жатканы чын болсо, «Камеко» да андан эч кандай киреше алмак эмес. Бирок биздин маалыматтар «Камеконун» жакшы эле пайда көрүп жатканын көрсөтүп жатат. Бир эле мисал келтирели. Биз өткөндө «Камеконун» 107 млн. доллар кредити жөнүндө айткан элек. Башкасын айтпаганда да «Камеко» ошол кредиттин пайыздык үстөгү үчүн эле Кыргызстанга тийген баардык акчадан 2 эсеге жакын көп пайда көргөн. Анткени ал өз кредитине каалаган пайыздык үстөк коюп алган. Башка банктар, мисалы, «Чейз манхеттен банк» кредитти либор +0,9% менен берип жатса, «Камеко» өзүнүн 107 млн. доллар кредитин либор +6% деген үстөк менен берди кылып жазып койгон. Ал үчүн «Камеко» азыр эле 85 млн. доллар пайда көрдү. Жакшы кожоюн кымбат кредиттерди тезирээк кайтарып берип, арзандарын калтырат тура. «Камеко» болсо, тескерисинче, арзандарын төлөп берип, өзүнүн кымбат кредитин дагы созуп атат. Ошол 107 млн. доллар кредиттин 42 млн. доллары кайтарылып, 65 млн. доллары дагы ишкананын мойнунда илинип турат, - дешет жергиликтүү адистер.
XS
SM
MD
LG