Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:58

Европа Биримдигинин тышкы иштер комиссары "согуштан кийинки Иракта Бириккен Улуттар уюму олуттуу роль ойношу керек" деп эсептейт


Хавиер Солана Европа Биримдиги ушул шартта саясий-экономикалык кайра курууга жана гуманитардык жардам көрсөтүүгө катыша алаарын билдирди. Солана кечээ Нью-Йоркто Бириккен Улуттардын жетекчиси Кофи Аннан менен жолуккандан кийин сүйлөдү.
Кофи Аннан ушул аптада Британияда, Францияда, Германияда жана Орусияда болуп, согуштан кийин Иракты башкаруунун жол-жобосун талкууламак. Бирок баш катчынын маалымат кызматы Аннан бул сапардан баш тартканын кабарлады.
Ирак согушуна тикелей каршы чыккан Орусия, Франция жана Германия согуштан кийин Иракты башкарууну Бириккен Улуттар уюмуна тапшырууну талап кылышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG