Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

ОРУС БАСЫЛМАЛАРЫ МУФТИЙ ТАЖУДДИНДИН АКШга КАРШЫ “ЫЙЫК КАЗАТКА” ЧАКЫРЫГЫН ТАЛКУУЛООДО


Муса Мураталиев, Маскөө шаары. Соңку күндөрү жарык көргөн орусиялык гезиттерде өфөлүк муфтий Талгат Тажуддиндин АКШ менен анын шериктерине каршы диний казат (“жихад”) жарыялоосу тууралуу арбын кеп айтылды.

Маскөөдөн чыккан гезиттер мурунку бейшембиде Башкортостандын ордо шаары Өфөдө митинг өтүп жатканда муфтий Талгат Тажуддин Кошмо Штаттарга Орусиянын мусулмандары “жихад жарыялаганын” жазып чыгышты. Алар белгилегендей, ошол эле бейшемби күнү маскөөлүк биринчи имам Равил Гайнутдин Орусиянын чыгыш бөлүгүнүн мусулмандарын жетектеген муфтий Тажуддинге каршы чыгып: «Америкага ирактык лидер Саддам Хусейн жарыялаган жихад деле жетиштүү», - деп билдирди.

Орусиялык мусулман коомчулугунун ичиндеги Ирак согушуна карата карама-каршы пикирлерди орусиялык гезиттер улам жаңы өңүттөн жазышууда.

Орусиянын мусулмандарынын диний бийлиги Маскөө, Өфө, Кавказ болуп негизинен үч топто бөлүнөт, аларда жалпысынан кырк сегиз муфтий бар. Алардын ар бири өзүн өз алдынча бийлик жүргүзгөн жамаат жетекчиси деп санайт, бирок алар эки ири муфтийдин ортосунда талашта калган муфтийлер болуп эсептелишет.

Тигил же бул олуттуу маселелерде Маскөөдөгү биринчи мечиттин имамы – Равил Гайнутдин бери тартып, Өфөдөгү мечиттин ага атаандаш имамы – Талгат Тажуддин ары тартып талашып келишет. Ошол себептен улам орусиялык мусулмандардын эки борбору калыптанган десек да болот. Биринчисин Тажуддин башкарып, ал «Орто Орусиялык жана Балтия боюндагы өлкөлөрдөгү мусулмандардын борбордук руханий башкармасы» деп аталат жана анын баш кеңсеси Өфө жайгашкан. Экинчисин Гайнутдин башкарып, ал «Орусиянын европалык бөлүгүндөгү мусулмандардын руханий башкармасы» деп аталат жана анын баш кеңсеси – Маскөөдө.

Бул эки расмий түзүлүштөн сырткары мусулман дининдегилерге тымызын көз болгон Казан мечити бар жана анын колдоосу болбой бир да диний маселе чечилбейт.

Дагы бир топ - «Түндүк Кавказ мусулмандарынын багыттоочу борбору» деп аталат. Ал өзүн көзкарандысыз топ санаганы дегени менен жең ичинен ал Кремлге чукул турган Гайнутдинди колдоп келет.

«Независимая газета» (07.04.2003) жарыялаган макалада «Тажуддинди, - 20 миллион мусулмандын кайсы бир бөлүгүнүн колдоосуна таянып иш кылып атканына карабай, - жалгыз экстремист кылып көргөзүшөт, бул туура эмес», - деп белгиленет.

Түндүк Кавказ мусулмандарын багыттоо борборунун төрагасы Магомед Албогачиев айтканга караганда: «Муфтий Тажуддиндин АКШга каршы жихад жарыялоо аракети такыр туура эмес».

Ошол эле учурда Дагстан мусулмандары Өфөлүк муфтийдин чакырыгын колдогондугун «Время новостей» (04.04.2003) жазат. Ал жерде: «кечөө Дагстандын Ботлих районунда өткөн митингде жүзгө чукул киши Саддамды коргоо үчүн Иракка аттанууга даяр экенин билдирди», - деп айтылат.

Аталган гезиттеги серептердин биринде өфөлүк муфтийдин кебин орусиялык мусулмандардын төрттөн бири угаары баса белгиленген.

«Новая газетанын» (07.04.2003) жазганына караганда, «муфтийдин жихадга чакырыгы радикалдык көз караштагы жана укук бузууга барууга даяр турган мусулмандардын бар же жок экендигин аныкташ үчүн Федералдык коопсуздук бюросу менен жең ичинен сүйлөшүп туруп жасалган» имиш.

Өфөлүк муфтийдин таламын талашкан саясатчы – «Евразия» партиясынын жетекчиси Александр Дугин «Независимая газетанын» ( 07.04.2003) кабарчысынын суроосуна берген жообунда: « Жогорку муфтий Талгат Тажуддиндин билдирүүсүн анын ирактыктарга боор ооруусу деп эсептеймин. АКШга карата кандай катуу сөз айтсаңыз да туура болот», - деген.

Гезиттерге чыккан кабарларда Тажуддиндин "жихадына" Өзбекстан мусулмандар башкармасынын төрагасы Абдрашит кары Бахромов менен Кыргызстан муфтийи Муратаалы ажы Жуман уулунун каршы чыгышканы жөнүндө да айтылат.
XS
SM
MD
LG