Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:46

БОРБОР АЗИЯ: САЛАМАТТЫК САКТОО ЖАКШЫРДЫБЫ?


Баян Жумакадыр кызы, Прага Борбор Азия жумурияттары саламаттык сактоо системасын реформалоого аракеттенип келет. Жумурияттарда бир катар чаралар ишке ашырылды, бирок ошого карабастан калкты медициналык жактан тейлөөдө көптөгөн проблемалар кала берүүдө.

Калктын саламаттыгы өлкөдөгү социалдык-экономикалык жагдай менен түздөн-түз байланышта турат. Өлкөнүн экономикалык өнүгүү деңгээли канчалык жогору болсо, калктын ден соолугу ошончолук чың болот. Тилекке каршы, бул жөнөкөй чындыкты калк социализмдин акысыз саламаттык сактоо системасынан кол жууп калган соң гана түшүндү. Анткени социализм учурунда медициналык тейлөөнү толугу менен өз мойнуна алып келген мамлекет эми андай сарптоолорду көтөрө албай калган эле. Саламаттыгы үчүн өз капчыгынан төлөгөнгө мажбур болгон эл медициналык тез жардам кызматы, дарыгерди үйгө чакыртуу, бир жолку шприцтер, дары-дармек, операцияда керектелүүчү таңуучу бинттер менен кебездердин канча акчага келе турганын түшүндү. Ал гана эмес, дарыгердин кызмат акысы канча акча менен баалана турганын биринчи жолу аңдады. Дарыгерлер менен медсестралардын кызмат акысы орто миян оокат кылыш үчүн керектүү каражатка тете болуп чыкты. Ошентип өкмөттөн ала албаган маянанын кенемтесин алар медициналык мекемелердин жардамына муктаж карыптардын эсебинен толтуруп алганга аргасыз болушту.

Тажикстандын парламенти өлкөнүн конституциясына оңдоо киргизип, калктын акысыз медициналык тейлөө укугун расмий түрдө жойууну пландаштырып жатат. Бирок мындай чечим калк ичинде олуттуу нааразылык жараткан жок. Анткени тажикстандыктардын көбү бул чараны жылдардан бери калыптанып калган көмүскө акы төлөө системасын мыйзамдаштыруу катары гана кабылдашты. Улуттук кардиологиялык борбордун микрохирургия бөлүмүнүн башчысы Убайдулло Курбонов бул жөнүндө мындай дейт:

- Бул мыйзамды тажик өкмөтү эбак эле кабыл алууга тийиш болчу. Азыркы мыйзам боюнча медициналык тейлөө акысыз. Бирок бул чындыкка төп келбейт.

Ушундай эле көз карашын Өзбекстандын катардагы жараны Исхак Закиров да бышыктайт:

- Биздин өкмөт медициналык тейлөө акысыз дей берет. Бирок ооруканадан таптакыр башка нерсени көрөсүң. Дарыгерлер бизде эч нерсе жок, дарыңарды өзүңөр алып келгиле деп айтышат.

Кыргызстандагы медициналык тейлөө да эчак эле көмүскө акы төлөө системасына өткөн. Пациенттер дары-дармек жана таңуучу материалдарды өздөрү сатып алышат же алар үчүн ооруканага акча төлөшөт. Медициналык тейлөөнүн көмүскө акысы дарыгерлердин өздөрүнө да төлөнөт. Бул чар-жайыт төлөмдөрдү иретке келтирип, бир системага салуу максаты менен жакында Кыргызстандын өкмөтү медициналык мекемелерге акы төлөө жөнүндө токтом кабыл алган. Ага ылайык, пациент дарыланганы үчүн медициналык мекеменин кассасына белгилүү сумманы төлөйт. Ал акча пациентти дарылоого керектүү препараттарды сатып алганга жана медициналык кызматкерлердин айлык акысын жогорулатканга сарпталмакчы.

Бирок көптөгөн медициналык кызматкерлер менен пациенттер бул чарага ишенбестик менен мамиле кылып жатышат. Алар мурда пациент бир эле жерге акча төлөп келген болсо, эми эки жакка тең төлөп, анык беймаза боло тургандыгын айтып жатышат.

Дарыгерлердин мындай көз карашы эч кимди таң калтырбайт. Дарыгерлер айлык акысы төмөн калк катмары болуп кала берүүдө. Кыргызстанда катардагы дарыгердин орточо айлык акысы болгону 600 сомду, ал эми медсестраныкы 350 сомду түзөт. Бул акчага үй бүлөөнү гана эмес кара жанын багып кетүү мүмкүн эмес. Ошон үчүн дарыгерлер "ооруга чын дилим менен, акыркы тамчы каным калгыча жардам берем" деген Гиппократ антын бузуп, оорулуу карыптан акы сураганга мажбур.
XS
SM
MD
LG