Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Бишкекте студенттердин Универсиада оюндары ачылды


БИШКЕК. Өткөн жылы Универсиада оюндарында 26 жогорку окуу жайы катышса, быйыл 30 команда мөрөй талашууда. Мурдагыдан айырмаланып, быйыл күчтүү 12 команда 1-лигада күч сынашып жатат. Калган 28 команда 2- лигада иргелип, жеңүүчүлөрү баш байге утуп алууга катышат. Оюнга Нарын, Ош жана Каракол шаарларынан студенттик командалар келип, алар Бишкектин 27 жогорку окуу жайынын командалары менен таймашка чыгышат. Быйылкы Универсиада оюндарынын жеңүүчүлөрү каражат маселеси чечилсе жайында Түштүк Кореяда өтчү студенттердин дүйнөлүк Универсиада мелдештерине барышмакчы . Студенттер спорттун 15 түрү боюнча күч сынашып жатат. Универсиаданын жеңүүчүлөрү 26-апрелде аныкталат.

Кабарларды Бишкекте даярдагандар: Бүбүкан Досалиев, Айданбек Акмат уулу
Редактору – Бекташ Шамшиев

XS
SM
MD
LG