Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:49

Юстиция министрлеринин жыйыны өтөт


БИШКЕК. 10-11-апрелде Алматы шаарында Евразия экономикалык шериктештигине кирген мамлекеттердин юстиция министрлер кеңешинин жыйыны болот. Ага Кыргызстандан юстиция министринин биринчи орунбасары Эркинбай Мамыров катышат. Жыйында жергиликтүү мыйзамдардын өкмөттөр аралык «Атуулдардын визасыз каттоосу» жана «Атуулдук алуунун жөнөкөйлөтүлгөн жолу жөнүндөгү» келишимдерине дал келүүсү талкууланат жана жыйынтыгында юстиция министрликтеринин ортосунда өз ара кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлат. Евразия экономикалык шериктештигине Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларусь жана Тажикстан мүчө.

XS
SM
MD
LG