Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясы уланууда


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын кезексиз 15-сессиясы уланды. Бул күнү депутаттар Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Александр Костюктун отчетун угушту. Министрдин сөзүнөн кийин талкууга чыккан айрым депутатар министрликтин ишин сынга алды. Депутат Болот Шерниязов айыл чарбасынын өнүгүүсү тууралуу сандарды чындыктан алыс деген пикирин билдирди. Маселен, 1981-жылга салыштырмалуу Кыргызстанда арак өндүрүү 40%, шарап, коньяк жана пиво өндүрүү 80% азайган. Алкоголь тармагынан салык алуу төмөндөөдө. «Мунун баары коррупцияга байланыштуу»-, деди Болот Шерниязов. Талкуу соңунда Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин отчетун эске алуу менен, агроөнөр жайын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа кабыл алууну жана башка бир катар сунуштар камтылган токтом кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG