Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Иран тышкы иштер министринин орунбасары Кыргызстанда


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга иш сапары менен келген Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министринин орунбасары Алиреза Моайерини премьер-министр Николай Танаев кабыл алды. Анда эки тараптуу кызматташуу маселеси талкууланып, 10 жыл ичиндеги алака-бериш ийгиликтүү жүрүп атканы айтылды. Анткен менен экономикалык потенциалдар толук пайдаланылбай жатканы жана энергетика тармагында кызматташуу келечектүү экени белгиленди. Жолугушууда Алиреза Моайери Николай Танаевге Иранга расмий сапар менен келип кетүү чакырыгын берди. Бейшембиде Иран тышкы иштер министринин орунбасарынын катышуусу менен 2-кыргыз-иран «тегерек стол» жыйыны өтөт. Анда кыргыз-иран байланышы, регионалдык кызматташуу маселелери козголот. Биринчи «тегерек стол» 1999-жылы Иранда өткөн.

XS
SM
MD
LG