Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

Феликс Кулов түрмөгө которулду


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын камакта жаткан төрагасы Феликс Кулов кечээ Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагынан №19-жаза өтөө түрмөсүнө которулду. Мындай маалымат бүгүн Куловдун адвокаты Любовь Ивановадан алынды. Анын айтымында, Кулов №19-түрмөдө канча отураары белгисиз. Анткени, Кулов менен Александр Гасановдун ишин караган Биринчи Май райондук соту мурунку жазасына кошуп, 10 жылга түрмөгө кескен. Сот ага чейин анын абакта отурган күндөрүн кошкондо дагы канча жыл отураарын так көрсөткөн эмес.

Адвокат Любовь Иванова Куловдун түрмөдө канча отурарын тактап берүүсүн сурап Жогорку Сотко арыз жолдоорун билдирди. Буга Куловдун апелляциялык арызын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган Бишкек шаардык соттун чечими негиз боло алат. Феликс Куловдун апелляциялык арызы боюнча Бишкек шаардык соту чечимин 2002-жылдын 11-октябрында чыгарган. Өкүм чыккандан кийин Кулов түрмөгө которулган эмес. Адвокат Любовь Иванованын маалымдоосуна караганда, буга Куловдун өзүн жалгыз кармоо тууралуу өтүнүчү негиз берген.

XS
SM
MD
LG