Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

ДОКТОР ЧЕН: «ИРАКТАГЫ СОГУШТУН КЕСЕПЕТТЕРИ КЫРГЫЗСТАНГА ДА КЕЛИП ЖЕТТИ»


Ысыккөлдүн Жылуусуу айылына жакын тоо боорунда Борбор Азияда жок лазердик станция жайгашкан. Анын жардамы менен кыргызстандык окумуштуулар айлана-чөйрөдөгү кубулуштарга, айрыкча, абанын тазалыгына илимий жактан байкоо жүргүзүп турушат. Аталган станция Кыргыз-Орус (Славян) университетинин геофизикалык иликтөө лабораториясына карайт. Анын жетекчиси, физика-математика илимдеринин доктору Борис Чен АКШ-Ирак согушу башталгандан кийинки илимий изилдөөлөр Ирактан Борбор Азия аймагына, анын ичинде Кыргызстанга да адам ден-соолугуна зыяндуу заттар, ыш, көө аба аркылуу келе баштаганын көрсөттү дейт.

- Борис мырза, Жылуусуудагы лабораторияда абанын жана айлана-чөйрөнүн тазалыгына илимий жактан көзөмөл жүргүзүп турат экенсиздер. Жакында март айынын жыйынтыгын чыгарган экенсиздер, Ирактагы согуштан кийин Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда аба булганган жокпу? Экологияда кандай өзгөрүүлөр бар?

- Жылуусуудагы лабораторияда март айында жүргүзүлгөн акыркы иликтөөлөр төмөндөгүлөрдү көрсөттү. Иракта согуш башталгандан кийин көп күн өтпөй эле, өзүңүздөр жакшы билесиздер, кум тозоңун учурган катуу бороон болду. Биз Түштүк-Батыш тараптан шамал менен бирге Кыргызстандын аймагына кум учуп келгенин, кум менен бирге түтүн, көө жана ыш аралашкан истүү заттар келе баштаганын аныктадык. Муну 20-мартта билдик. Ал эми 20-марттан 31- мартка чейинки изилдөөлөр да Кыргызстандын аймагына тынымсыз түрдө көө, ыш аралашкан түтүндөр келип жатканын көрсөттү. Башкача айтканда, биз ушул тапта согуш аракеттери жүрүп жаткан аймактан дайыма көп сандагы ууландыруучу заттар келип булгап жаткан аба менен дем ала баштадык. Бул эми күйүүчү май бургуларын өрт чалгандан келип чыккан кесепеттер. Ошол эле убакта көптөн бери Кыргызстандын асманын да «Азия сур булуту» деген ат менен таанымал уулуу заттардан турган аба катмары каптап турат. Муну көптөр азырынча биле бербейт. Биздин станция «Азия сур булутунун» кесепетинен аба ырайынын бузулушун жана ошондой эле жаратылыштагы адаттан тыш көрүнүштөрдү байкай баштадык. Эми буга Ирактан урган ыш, көө аралашкан түтүн кошулду.

- Борис мырза, угармандарыбызга «Азия сур булуту» деген эмне, ал эмненин натыйжасында пайда болгон, адам ден-соолугуна зыянбы – ушуларга токтолуп өтсөңүз?

- «Азия сур булуту» деген ат менен белгилүү бул булут кадимки булуттарга окшобойт. Анын көлөмү чоң: Кытайдын Чыгышынан Араб деңизине чейинки аймакты ээлеп жатат жана барган сайын кулачы кеңейүүдө. Азыр анын көлөмү 16 миллион чарчы километрден чоң. Аны булут дегенге караганда түтүн деп айтканыбыз туура. «Азия сур булуту» Кытай, Индия жана Пакистандын акыркы жылдарда өнүгүп-өсүп бараткан өнөр-жайы чыгарган уулуу заттардын жана түтүндүн топтомунан пайда болгон. Тагыраак айтканда, ал күрүчтү, күрүчтүн саманын, сапатсыз көмүрлөрдү жагуудан жана ачык асман алдындагы кен байлыктарды иштетүүдөн келип чыккан. Булут пайда болгон 7-8 жылдан бери асманда асылып турганы турган. Анын тарай турган түрү да жок, тескерисинче, улам чоңоюп, улам коркунучтуу түр алууда. Курамында истүү, жыттуу газдар жана башка уулуу заттар топтолгон. Ал аба-ырайынын өзгөрүп, жылдын кургакчыл болушуна эле эмес, адамдын ден-соолугуна да терс таасирин тийгизип келет. Булуттун адаттан тыш өзгөчөлүгү ушул – бир чети ал кургакчылыкты алып келет, бир чети суу ташкындарын, көнөктөп жааган жаандарды чакырат.Эң эле коркунучтуусу - адам ден-соолугуна өтө зыян, балким Кытайдан чыккан жаңы оору – «Кытайдын өпкө кагыны» оорусун ушул булут пайда кылган болуу керек.

- Сиздин ушул айткандарыңыз адамзат өз колу менен түзүп, жасап алгандарынын касиретин өзү эле тартып жатканынан кабар берип турат. Ушундан улам Борис мырза, Сизге суроом - март айындагы илимий изилдөөлөр Сиз айткан «Азия сур булуту» менен Ирактагы согуштун экологияга тийгизген таасирлеринин ортосунда кандайдыр бир байланыштар бар экенин аныктадыбы?

- Өткөн жылдагы иликтөөлөрүбүз «Азия сур булутунун» Кыргызстандын асманында бир пайда болуп, бир жок болуп кетип жатканын көрсөткөн болчу. Ал эми Иракта согуш башталгандан кийин аталган булут, мына сүрөттөрдү карасаңыз, Кыргызстандын үстүндө дайыма асылып турганы турган. Ал эми сур булуттун астында болсо Ирактан келген ыш, көө, түтүндөр чогула баштады. Сиз байкаган жоксузбу - согуштук аракеттер башталгандан кийин Бишкекте түтүндүн, ыштын жыты күчөдү, мен аны дароо эле сездим. Мындан ары эмне болот, аны бир Кудай билет, биз болсо илимий иликтөөлөрүбүздү улантып жатабыз. Биз 1991-жылдагы АКШ-Ирак кармашы маалында да өрттөлгөн карамай бургуларынын кесепетинен Кыргызстандын экологиясы жапа тартканын аныктаган болчубуз. Бул жолу согуштун кесепети кандай болот – ал согуштун канчага созулаарына жана өрттөлгөн карамай бургуларын канчалык тез өчүрүлөөрүнө жараша болот. Бирок бизге жеткен зыяндуу заттардын таасири өтө эле катуу болууда. Эгер бул калыбында улана берсе күзүндө анын алгачкы кесепеттерин чындап сезебиз. Алиги ыш, көө, ис, түтүндүн бөлүктөрүнүн баары биздин мөңгүлөргө барып конот эмеспи, анан мөңгүлөр эрий баштайт. Башкача айтканда, биздин жашообуз чоң өзгөрүүлөр алдында турат. Эми биз буга чейинки беймарал боло келген жашообуздун мындан аркы коопсуздугу жөнүндө ойлоого тийишпиз.
XS
SM
MD
LG