Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

ӨЙДӨ ТАРТСА – ӨГҮЗ, ЫЛДЫЙ ТАРТСА - АРАБА


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Саддам Хусейндин коңшуларына мурда жасаган агрессиясын эстеген адамдар «өлкөнүн тынчтыгын ойлосо, бийлигинен кетсе, азыркыдай бүлгүн болмок эмес», дешет. Башкалары террорчулук менен ислам фундаментализмине каршы күрөшпөсө, ал агымдар өнүгүүгө жолтоо болот, деген пикирде.

Кошмо Штаттар менен эларалык коалициялык күчтөрдүн Ирак элин Саддам Хусейиндин диктаторлук режиминен кутултуу максатында жүргүзүп жаткан күрөшүн колдогон карапайым адамдар Жалалабат облусунда аз эмес. Ирак президентинин өлкө калкын демократиялык агымдардан алыс кармап, өзүнө коңшулаш жайгашкан мусулман мамлекеттерине мындан мурун жасаган агрессиясын айыптаган адамдар Саддам Хусейн саясатка тиешеси жок жөнжай кишилердин курман болуп, мамлекетинин бүлүнө тургандыгын мурдатан ойлосо, АКШ жана БУУнун эксперттери талап кылгандай массалык кыргын салуучу куралдарды эл алдында жок кылып, өзү бийликтен кете берсе болмок деген ойлорун ортого салышты. АКШнын согуштун айынан бүлүнгөн Ирак өлкөсүн калыбына келтирүүгө көрөөр иш-чаралары менен Кыргызстандагы демократияны өнүктүрүүгө кайтарымсыз грантты көбөйткөндүгүнө ыраазылыгын билдиришти.

Жалалабат шаарынын жашоочусу Жанна Саралаеванын пикирине караганда, согуш атын укканда биринчи иретте энелердин жүрөгү сыздайт. «Ирак алааматында ал жердеги энелер менен балдардын кымындай да айыбы жок. Согуштун башталышына Саддам Хусейн түрткү болду. Америка ошол диктаторду жоготобуз жана коомду ошондой адамдан куткарабыз деп уруш ачты», - дейт ал. Ирактагы урушту токтотуу талабы менен нааразылык акциясын дүйнө жүзүнүн көптөгөн өлкөсү өткөрүп жаткандыгын кубаттаган Жанна Саралаеванын пикиринче, кыргызстандыктардын «Ирак бизден алыс» деп, кошкөңүл позициясы туура эмес:

- Ирактын Америкага каршы туруп, согушка чыгып, ошончо элди урушка үндөп атканы бул бир эле адамдын күнөөсү. Саддам Хусейндин Бушка мамилесине, өзүнүн элин ойлобостон, согушка барып, калкын кор кылып атканына мен каршымын.

Сузак районуда жашаган Давлат Орозалиеванын көз карашы боюнча, Ирактагы согуш эларалык террорчулардын тамырын жулуу үчүн жасалууда:

- 2001-жылдын сентябрь айында Нью-Йорк менен Вашингтондо жасалган чабуулдан канча адам кырылганын бүгүн Иракка жан тарткандар эске албай жатышат. Ооганстандагы талибдерге каршы жасалган согуштук аракеттер Ооганстанда гана эмес, Борбор Азия мамлекеттери менен Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн оң чечилди. Ислам фундаментализми менен диний экстремисттер кайсы гана өлкөнү болбосун артка тартат. Мына, талибандар 5 жылдын ичинде Ооганстанды артка тартып ийгендерин көрдүк го. Иракта, Иранда исламизм абдан күчтүү. Экиге бөлүнгөн сүннөттөр, шейиттер, ортодо ислам фундаментализми турат. Бул элди артка тартчу факторлор.

«Кыргыз Руху» газетасынын облустагы кабарчысы Анархан Жаңыбаева Саддам Хусейн менен Жорж Бушту сүйлөшүү жолу менен согушту токтотууга чакырды. Ирак алааматы Кыргызстандагы диний адамдардын толкундоосун жаратуусу ыктымал.

«Кыргызстанга анын таасири тийбейт деп айтуу өтө кыйын. Кыргызстанда дагы мусулман дининдегилер бар. Алардын арасында дагы диний кыймылдар башталып кетиши мүмкүн. Ошол Кыргызстанда жашаган мусулмандардын «эмне үчүн мусулмандарга кол салып жатса, биз тынч жатышыбыз керек» деген кандайдыр бир чакырыктар болуп, кагышуулар болуп кетиши мүмкүн», - дейт Анархан Жаңыбаева.

XS
SM
MD
LG