Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:09

ФЕЛИКС КУЛОВ №19-ТҮРМӨГӨ КОТОРУЛДУ


Кыргызстандагы бийликтин каршылашы, «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов кечээ Юстиция министрлигине таандык № 19 - колонияга которулду. Кызматынан кыянаттык менен пайдаланды, мамлекеттик мүлктү уурдап-тоноду деген айып менен эки ирет сот жообуна тартылган саясатчы үч жылга жакын Кыргызстандын Коопсуздук кызматынын убактылуу абагында кармалып келген.

19-түзөтүү колониясы Бишкек шаарынан 45 километрге окчун, Сокулук районуна караштуу Жаңыжер айылына жакын жайгашкан. Жаза өтөө мекемелеринин мамлекеттик башкармалыгынын атайын бөлүмүнүн башчысы Дамир Үсөнбаевдин билдиришинче, бул колонияда сот жообуна тартылган тартип коргоо кызматкерлери жаза мөөнөтүн өтөшөт. Бул жайга Феликс Кулов өзүнүн макулдугу менен которулду. Бүгүн түрмөгө кирип, жолугушуп кайткан биртууган инисинин маалыматына таянган «Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиевдин билдиришинче, Куловдун аталган колонияга карата нааразылыгы жок.

Феликс Куловдун убактылуу кармоочу жайдан түрмөгө которулушунун чоо-жайы тууралуу азыр тиешелүү тараптар расмий маалымат берише элек. Ал эми саясатчынын партиялашы Эмил Алиевдин пикиринче, мурда бийлик үчүн Феликс Куловду элден окчун, жалгыздап кармап туруу ыңгайлуу болчу. Феликс Куловдун «Химсинтез» боюнча сот иши убактылуу жабылгандыктан, азыр аны абакта кармоого негиз калган жок, дейт Алиев. Анын айтымында, Куловдун түрмөгө которулушунун жакшы гана жагы бар, анткени, ал көпчүлүк менен болот. Анын үстүнө чектелген жаза мөөнөтү аяктап баратат, ошондуктан, ал жакынкы аралыкта боштондукка чыгышы толук ыктымал:

«Мыйзам боюнча отуруу мөөнөтү өтүп кетти, - дейт Э.Алиев.- Мөөнөтүнүн үчтөн бирин отуруп койгондон кийин анын мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошонууга мүмкүнчүлүгү бар».

Феликс Куловдун түрмөгө которулушун айрым талдоочулар аны бошотууга жасалган кадам катары баалашууда. Кээ бирөөлөр жакынкы беш-алты ай аралыгында мунапыс берүү же мөөнөтүнөн мурда бошотуу жолу менен Кулов эркиндикке чыгышы ыктымал деген көз караштарын айтышууда. Бирок, азыр анын абак мөөнөтү качан бүтөөрү тууралуу сот органдары да, адвокаттар да ачык маалымат таратышкан жери жок. Муну Куловдун адвокаты Любовь Иванова жаза мөөнөтүнө карата сот чечиминин акыйкатсыздыгы жана бул боюнча даттануу жараяны бүтө электиги менен байланыштырды. Куловдун тарапкерлеринин айтымына караганда, Коопсуздук министрлигинин «Калкан» антитеррордук уюмуна жана «Түндүктрест» курулуш ишканасына байланышкан иштерди кошкон акыркы жараянда сот өз өкүмүн калыс чыгарган эмес.

Ал эми оппозициялык көз караштагы айрым саясатчылар коомчулук таасир көрсөтмөйүнчө Куловду бийлик бошотпойт деген ойдо болушууда. Алардын бири -«Абийир туткуну» гилдиясынын башчысы Топчубек Тургуналиевдин оюнча, Куловду тизгиндөө үчүн бийликке убактылуу токтотулган «Химсинтез» иши кезектеги шылтоо болушу ыктымал:

- Бийлик өз ыктыяры менен бошотпойт. Мен, айрыкча саясий мотив менен түрмөгө түшкөн көп кишилерди билем. Коомчулук, укук коргоочулар, саясий оппозициялык күчтөр, эл аралык укук коргоочулар биригип, талап кылса гана аргасыз чыгарышы мүмкүн. Мен эки-үч күндө тактайм. Бошотуу мөөнөтү келип калса, Акаевге, Жогорку Кеңешке, Прокуратурага, Юстиция министрлигине кайрылып, ачыктан-ачык талап кылабыз.

Феликс Кулов Коопсуздук министри, Чүй облусунун губернатору, Бишкек шаарынын мэри кезинде кызматтан кыянаттык менен пайдаланды жана мамлекеттик мүлктү уурдап-тоноду деген айып менен коопсуздук министрлиги жана башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыштардын негизинде эки ирет соттолуп, акыркысында апелляциялык арыздын негизинде Бишкек шаардык соту 2002-жылдын 11-октябрында 7 жылга эркинен ажыраткан. «Арнамыс» партиясынын эсебине караганда, Куловдун камакта жатканына 9-апрелде 947 күн болду. Өткөн мезгил ичинде сот таккан айыптарды саясатчы өзү жана бийликке оппозициялык күчтөр саясий заказ катары баалап келишет. Феликс Куловдун камакка алынышын бийликтин 2000-жылдардагы парламенттик жана президенттик шайлоо компанияларынын учурунда күчтүү атаандаштан жолду тазалоо максаты менен байланыштырышат. 2000-жылы Феликс Кулов, депутаттыкка да, президенттикке да өз талапкердигин сунуштаган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG