Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:04

БАСРАДАН БАЙКАЛГАН КӨРҮНҮШТӨР


Ирактын экинчи ири шаары - Басраны ээлеген британ аскерлерин жергиликтүү калк негизинен жылуу кабыл алды. Бирок, алар эми аскерлердин тартипти жана коопсуздукту тезирээк орнотуусун күтүүдө. Кабарчыбыз Чарльз Рекнагел бүгүн Басрадан буларды билдирди:

- Басраны кыдырып жүрүп, мен британ аскерлерин кубаттоо менен кабыл алган көптөгөн адамдарды көрүүдөмүн. Кишилердин тобу маанилүү жол кесилиштеринде турган танктардын тегерегине чогулууда. Танктардын биринин мунарасына жолдон өткөндөр гүл таштап кетишкен. Адамдар жай жана достук маанайда солдаттардан суу, азык-түлүк, тамеки сурап жатышат.

Кабарчыбыз Рекнагел билдиргендей, шаршемби күнгө карата калк жашаган райондор менен чоң жолдордо боюндагы кээ бир дүкөндөр кайрадан ачылды. Жай турмуштун мындай белгилери анын алдыңкы күндөрү жок эле. Басраны эки аптача курчап турган британ аскерлеринин ушул дүйшөмбүдө шаарга кириши жергиликтүү калк ичиндеги ээнбаштардын талап–тоноолору, карактоолору менен коштолгон. Алар коомдук жайлардын, университеттердин, өкмөттүк мекемелердин имараттарынан, баарыдан мурда, эмеректерди, электр жабдууларын, түрдүү буюм-тайымдарды уурдай качышкан эле. Мындай аракеттер азыр да толук тыйыла элек. Болгону жеке менчиктеги дүкөндөргө гана кол салынган эмес. Карактоолор менен талап–тоноолор Багдадда да орун алууда. Британ өкүлдөрүнүн айтымында, Басрада шаардын жаңы администрациясын түзүү иштери да башталды. Алар мындай топту уюштуруу өтүнүч менен жергиликтүү "шейхтердин " бирине кайрылган.

Британ аскерлери, ошондой эле, талап–тоноолор менен уурдоолор дагы уланабы деген кооптонуулардан улам шаардын борбордук ооруканасы сыяктуу маанилүү имараттарды кайтарып жатат. Дарыгерлердин айтымында, Басранын 650 орундуу чоң ооруканасынан буюм –теримдерди чыгарып кетүү аракеттери бир нече ирэт жасалган. Кабарчыбыз Чарльз Рекнагелдин баамында, басралыктардын көпчүлүгү шаарда бийлик жок деген сезимде турушат. Алар биринчи муктаждык катары коопсуздуктун кепилденишин андан соң барып суу түтүктөр менен жарыктын калыбына келтирилишин аташууда. Шаардын борбордук бөлүгүнө суу бир нече саатка гана берилүүдө.Көпчүлүк адамдар куурлардан суу сордуруп алыш үчүн кол насосторун пайдаланууга мажбур.Суу түтүктөрү булгангандыктан эпидемия чыгып кетеби деген кооптонуулар да жок эмес.

Басрадагы уруштар учурунда Саддам Хусейндин "Баас" партиясынын ,чалгындоо кызматынын кеңселери талкаланды, бирок такыр зыян келтирилбеген имараттар да бир топ. Басрада белгилүү бир буталарга аба жапырыктары жасалган кезде Ирактын түштүк бөлүгүн коргогон күчтөрдүн командачысы, Саддам Хусейндин жакын тууганы, генерал Али Хасан ал-Мажид набыт болгон эле. Анын турак –жайы бомбаланган. Генералдын үй-бүлөсүн ал жерден мурдараак белгисиз адамдар, балким, Ирактын чалгындоо кызматынын өкүлдөрү алып кеткен экен. Бирок, бомбалоо учурунда аныкына коңшу жайгашкан үйлөрдүн бейкүнөө 13 тургуну да каза тапкан. Кабарчыбыз Чарльз Рекнагел:

- Ачууланган коңшулардын бири мага "эгер силер бирөөнү өлтүргүңөр келсе тегеректегилердин баарын да кыра бербегиле", - деди. Көп деле сүйлөбөй, ал суу куюлуучу чоң челекти машинасына салды да шаардан суу издөө үчүн кетип жатканын айтты.

Ал эми Багдаддан кабарчыбыз Рон Синовитц соңку күндөрү америкалык аскерлер учурунда Улуттар Уюму Ирактын колдонуусуна тыю салган "ас-Самуд 2 " ракеталарынын бир нечесин тапканын маалымдады:

- Багдаддын түндүк-батыш тарабындагы цемент заводу менен таш карьерде "ас-Самуд 2" ракетасы кеминде бир нече жума бою атылуучу жабдуусунда чатыр менен гана жабылып турган, бирок аны Улуттар Уюмунун инспекторлору тапкан эмес.

Иракта "ас-Самуд 2" үлгүсүндөгү тыюу салынган ракеталар бар экенин БУУнун инспекторлору да аныкташкан. Алардын талабы менен Саддам Хусейндин өкмөтү жуп согуш башталаар алдында ракеталардын бир тобун жок кылууга мажбур болгон эле.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG