Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Коалиция Ирактын болочок өкмөтүнүн демократиялуу болушун каалайт


Бул тууралуу Британиянын тышкы иштер министри Жэк Стро Парижде Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпен менен Ирак маселесин талкуулаган соң маалымдады. "Биз куралдуу кагылышуу тезирээк аякташын каалайбыз. Саддам Хусейндин өкмөтү бийликтен кулагандан кийин Иракты калыбына келтирүү, кайра өнүктүрүү, кайра куруу иштери башталат, андан кийин барып өлкөдөгү бардык өкүлчүлүктөрдү камтыган жаңы демократиялуу өкмөт дайындалат", - деди Британиянын тышкы иштер министри.

XS
SM
MD
LG