Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:12

БАҢГИ КОРКУНУЧУ ӨСҮҮДӨ


Жаркын Темирбаева, Прага Маңзаттарды мыйзамсыз жолдор менен ташууга каршы күрөшүү дүйнөлүк проблемалардын бирине айланган. Соңку мезгилде адамга өтө катуу таасир этүүчү героиндин мурдагы жылдарга салыштырганда өтө көп ташылып жатканы байкалат. Бангикоркунучуна бөгөт коюп, аны өндүрүүгө жана ташууга каршы чечкиндүү иш алып баруу бардык өлкөлөрдүн активдүү аракеттенүсүн талап кылаарын Бириккен Улуттар Уюму өз отчетунда жарыян кылды.

Тажикстандын чек ара күзөтүндөгү Орусиялык аскерлердин маалыматында 8-апрель күнү тажик-ооган чек арасынан 140 килограмм героин кармалган. Орусиялык чек ара кызматынын маалыматына караганда Тажикстан менен Ооганстандын чек арасынан апрель айы ичинде эле 450 килограммдан көп маңзаттар кармалган. Ал эми жыл башынан бери 1,5 тоннадан ашуун баңгизаттары мыйзамсыз жолдор менен ташылып бараткан жеринен чек ара күзөтүнүн колуна түшкөн. Анын ичинде апийим, марихуанна, героин да бар.

Тажикстандын ички иштер министрлигинин маңзаттарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Файзулла Гадаевдин айтышынча:

- Ички иштер кызматы кармаган маңзаттын төрттөн үч бөлүгү адамга өтө катуу таасир этүүчү--героин. Баңгизаттар негизинен Ооганстандан чыгарылат. Ал Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана башка Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Орусияга жана андан ары Батыш өлкөлөрүнө ташылып кетет.

Тажикстан чек арасындагы орусиялык аскерий күзөтчүлөрдүн айтымында өткөн жылы Ооганстанда 4500 тонна опийим чогултулганы маалым. Андан 5 тоннага жакын героин бөлүп алса болот. Бириккен Улуттар Уюмунун маңзаттарга каршы көзөмөл кылуучу эл аралык кеңешинин маалыматында Ооганстандан чыккан баңгизаттарды Европага ташуунун жана соодалоонун негизги кан жолу Борбору Азия чөлкөмү деп айтылат. Бул маселеде беш мамлекет олуттуу бир иш-аракеттерди жасай албай жатканы баса белгиленет. Түркмөнстанда соңку жылдары канча бангизат кармалганы белгисиз. Өкмөт мындай маалыматтарды жарыялабайт. Ал эми Ооганстандын Хамид Карзай башындагы убактылуу өкмөтү маңзаттарды өстүрүүгө каршы күрөшүүгө азырынча чамасы келбей жатканы айтпаса да түшүнүктүү.

БУУнун 2002-жылкы иликтөөсүндө апийим өндүрүү боюна Ооганстан дүйнөдөгү биринчи орунда деп көрсөтүлөт. Өткөн жылы оогандыктар 57 миң гектар жерге апийим өстүрүшкөн. Ал жерден 3400 тоннадан ашуун апийимдин чийки затын жыйнап алышкан. Батышта сатылып жаткан апийимдин 70% героин түзөт. Орусиянын чек ара кызматы өткөн жылы Тажикстандын аймагынан 2,5 тонна маңзаттарын мыйзамсыз жолдор менен ташылып бараткан фактыларды каттаган. Анын 2 тоннасы героин болгон.

2001-жылы тартип сактоо органдары тарабынан кармалган маңзаттардын өлчөмү 10 тоннадан ашкан. Анын 80%дан көбү Тажикстандын үлүшүнө туура келет. Бул маселе жакынкы күндөрү Вена шаарында өтө турган эл аралык кеңешмеде талкууланмакчы.

БУУнун эсебинде дүйнөдө маңзаттарды мыйзамсыз соодалоодон түшкөн кирешенин басымдуу бөлүгү өнүккөн өлкөлөрдүн эсебинен алынат. Баңгизаттарды мыйзамсыз соодалоодон табылган кирешенин чоң өлчөмдөгү бөлүгү, өндүрүлгөн өлкөдөн тышкаркы жактардан келет. Ошондуктаң Орусия - баңгикоркунучуна каршы күрөшүү үчүн эл аралык стратегияны иштеп чыгууну сунуштап жатат. Бул маселе келерки май айында Парижде өтө турган эл аралык кеңешмеде талкууланары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG