Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:12

АВТОБАЗАРГА ЧЕЙИНКИ АЛЫС ЖОЛ


Азыркы доорду автомобилсиз элестетүү кыйын. Убакыт алга жылган сайын техниканын жаңы түрлөрү чыгып, дүйнөгө тарап жатат. Совет доорунда жалаң орус машиналарын гана билсек, эгемендүүлүккө жеткени чет өлкөлүк түрдүү үлгүдөгү автоунаалар жаандан кийинки козу карындай жайнап чыгууда. Кыргызстанда азыр 286 миң автомашина каттоодо турат.

Кыргызстандын жолдорунан түркүн үлгүдөгү чет элдик унааларды көрүүгө болот. Мурда урунулган машиналарды арзан алып, тетиги табылбай күйгөндөр болгон. Азыркы учурда чет элдик машиналарды тейлөөчү станциялар, тетик дүкөндөрү, жайма базарлар көбөйүп, акчага жараша баарын табууга болот.

Бишкектин күнбатыш жагында жайгашкан «Азамат» авто базарында ишемби, жекшемби күндөрү миңден ашуун түрдүү үлгүдөгү автоунаалар сатыкка коюлуп турат. Мурунку көчмөн кыргыздын уул-кыздары эми түркүн темир тулпар минип, техниканын тилин билип да алышты. Кыргызстандык атуулдар Германиянын автобазарларынан арзан баада урунулган унааларды алып келип турчу. Эми Германияга баргандар сейрек болуп, көпчүлүк автобизнес кылган жигиттер Балтика боюндагы мамлекеттерден машиналарды айдап келип жатышат.

Алар кандай жол азабын тартып, түйшүктү баштан кечирип келишээри жөнүндө бишкектик ишкер Ильичбек Чокиев мындай дейт:

«Литва Республикасынын Мариамполь шаарына барып, кыргызстандык кардарлардын көңүлүнө ылайык машиналарды тандап алабыз. Ал машиналар Германиядан алынып келген. Жолдон Латвия Республикасынын чек арасын басып өтөбүз. Латыштарга да бажы салыктарын төлөйбүз, аркы-берки чыгымдарга туш болобуз. Латыштардын автоинспекторлору кылдан кыйкым тапкан өтө катаал.

Псков облусунан Россиянын аймагына өтөбүз. Мында да кыйынчылыктарга туш болобуз. Декабрга чейин кыйынчылыктар аз эле, жаңы жылдын алдында машиналарга залог киргизилип, абдан кыйнашты. 5 сутка Латвиянын аймагында, Россияга кире албай, 400дөн ашуун машина талаада жаттык. Россия залог киргизгенин бизге эч ким кабардар кылган эмес. Биринчи күнү ар бир машина үчүн 400 доллардан төлөгүлө дешти. 5 күндөн кийин гана ар бир машина үчүн 200 доллардан ашыкча төлөп аргасыздан Россиянын аймагына өттүк.

Россиянын автоинспекторлору абдан сөзгө келбеген тежик болот. Ар кандай шылтоолорду таап, айыпка жыгып, көп өлчөмдө акча алышат. Шаар ичине киргенде, шаарлардан чыкканда МАИ сөзсүз токтотуп, тоноп алышат. Казакстанда да ушундай көрүнүштөр кайталанат. Жол тосуп, ар шылтоо менен айыпка жыгып, эгерде төлөбөйм десең, машинаны текшеребиз деп дагы 4-5 күн камап салышат. Аргасыз акча берип өтөбүз. Казакстандын бажы кызматкерлери да техникалык паспортко мөөрүн баспай, алар да тоноп, акча талап кылышат. Мыйзамсыз түрдө акча төлөтүп, бажы салыгын да сөзсүз түрдө төлөп беребиз. Жолдо эле 1 миң доллардан ашык чыгым болобуз».

- Автомашиналардан сырткары да жол тосуп, тоногон рэкеттер да кезигеби?

- Албетте, рэкеттер тоногон учурлар көп болот. Набережные Челны аймагында сөзсүз тосуп, салык салып, коркутуп, үркүтүшөт. Челябинск шаарында дагы рэкеттер тосуп, тоноп алышат.

- Тобокелге баш байлап, машина айдап келип жатасыңар. Ошол мээнетиңер кайтып, пайда көрөсүңөрбү?

- Ушундай жол азабын тартканыбыз менен бир машинадан 300 доллардай пайда көрөбүз.

- Литвадан, Латвиядан сырткары башка мамлекеттерге барып машина айдап келүү мүмкүнчүлүгү барбы?

- Чынында Германияга баруу мүмкүнчүлүктөрү чектелип калды. Бирок, ал жактан атайын чакыруу керек. Мурдагыдай ээн эркин барып келүү чектелип калган. Ал эми Жапониянын машиналарын Владивостоктон айдап келсе болот, бирок Россия аймагынан ушундай эле кыйынчылыктарга туш болобуз.

- Кыргызстандыктар үчүн кайсы машиналар ыңгайлуу деп ойлойсуң?

- Кыргызстандыктар «Ауди-100» машинасын көп заказ кылышат. «Фолксфаген- Гольф» машинасы да үнөмдүү, жакшы унаа. «Фольксфаген-Жетта» жана ар кимге өзүнө жаккан машиналарды тапса болот.

Кыргызстандын тоолуу аймагына кандай автоунаалар чыдамдуу келет? Кайсыл үлгүдөгү автоунаалар Кыргызстандыктарга ылайыктуу? Булар - автосүйүүчүлөрдүн жекече көңүлүнө ылайык жооп издетчу суроолор.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG