Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

ИРАК СОГУШУ БРИТАН МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫНЫН КӨЗҮ МЕНЕН


Британияда жергиликтүү маалымдоо каражаттары Перс булуңундагы согушту кандай чагылдырууда? Бул маселе кызуу талаш-тартыштарды жаратууда. Айрым расмий өкүлдөр басма сөз согуш жөнүндө объективдүү эмес, бир тараптуу, жалаң гана негативдүү маалымат берүүдө дешсе, башкалар болсо - уруш майданында жүргөн кабарчылардын ишин оң баалоодо.

Британ куралдуу күчтөрүнүн Перс булуңундагы командачысы, аба күчтөрүнүн генералы Брайан Барриж жакында “Дэйли телеграфка” берген интервьюсунда өлкөнүн маалымат каражаттарын оюн сахнасына айланып баратат деген катуу сынга алды. Анын айтымында, коалициянын жоготуулары менен кыйынчылыктары чындыктан ашыра көрсөтүлүп, алардын жетишкендиктери жөнүндө, тескерисинче, анча-мынча гана сөз кылынып жатат.

Лейбористтер партиясынын лидери Жон Рейд болсо ошондой бир тараптуулуктун мисалы катары ББСни бөлүп көрсөтүп, компания “Багдаддын шериги” катары согушту чагылдырып жатат деди. “Дэйли Телеграфтын” Эритреядагы кабарчысы Рейддин бул пикирине кошулат: “ББСни угуп алып, биз утулуп баратабыз деген ойго келдим”.

Премьер-министр Тони Блэрдин аппаратынын байланыштар боюнча жетекчиси Алэстар Кэмпбэл демократиялык мамлекеттердин журналисттери объективдүү болуш керектигин баса белгиледи. “Саддам Хусейн, - деди Кэмпбэл, - пропагандалык согушту утуп чыгышы мүмкүн. Анткени диктатордук режим калп айта берет. Ал эми Британия өңдүү демократиялык өлкөнүн журналисттери айкындыкты гана айтып, эки тараптын тең билдирүүлөрүнө бирдей көңүл бурушу керек”.


Алекс Николл Лондондо жайгашкан стратегиялык изилдөөлөр борборунда директордун жардамчысы болуп эмгектенет. Жогорудагылардан айрмаланып, ал Британ маалымат каражаттарынын иш-аракеттерин оң баалай турганын айтты:

- Менин оюмча, биздин гезиттер менен башка каражаттар согушту чагылдырууда мыкты аракеттенүүдө. Анткени алгачкы жолу кабарчылар аскер кошуундарын коштоп жүрүшөт. Биз ошол жакта эмне болуп жатканын дароо билүүгө мүмкүнчүлүк алдык. Бул мурда болуп көрбөгөн нерсе. Согуш, башкача айтканда, жандуу чагылдырылууда. Уруш жагымсыз көрүнүш болгону менен көрөрмандар менен угармандар ушул тапта эмне болуп жаткандыгына өздөрү күбө болуп жатышат.

Ал эми Британ гезиттеринин шейшемби жана шаршемби күнкү сандарын барактап көрсөк, алардын көпчүлүгү согуш аяктап келатканын жазышып, Буш менен Блэр жеңиштин эйфориясына берилип кетишсе бул чоң жаңылыштык боло турганын белгилешет. “Гардиан” мисалы, Ирактагы турмуш мындан ары тынчтык жолуна түшсө да арабдардын көпчүлүгү АКШ тарабынан кемсилтилгенин көпкө унута алышпайт деп эсептейт. Гезит андан ары “Саддам бийликте калса калк арасындагы курмандыктар мындан да көп болот эле” деген Тони Блэрдин сөзүн келтирет. Бирок, дейт макаланын автору, анын бул сөздөрү – божомол. Ал эми бомбалардын алдында өлгөн балдар – бул айныксыз чындык.

Карапайым эл арасындагы курмандыктар темасына дээрлик бардык басылмалар кайрылган. “Дэйли Телеграф” жергиликтүү оорукананын дарыгеринин “25 жылдык практикамда мындай шумдукту көргөн эмесмин” деген сөздөрүн келтирет.

XS
SM
MD
LG