Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:21

Багдаддын борбордук бөлүгү толугу менен америкалык контингенттин контролдугунда турат


Айрым кварталдарда гана үзүл-кесил атышуулар тутанууда. Түндүктөгү Тикрит, Мосул жана Киркук шаарларында да Саддам Хусейнге берилген күчтөр каршылыгын токтото элек. Саддамдын кайда экени белгисиз. Вашингтондун ырасмий өкүлдөрү аны өлүү же тирүү болсо да баары бир табыша тургандыгын айтышууда. Пентагондун башчысы Дональд Рамсфелд ирак жетекчилигине жардамдашып жатканы үчүн Сирияны айыптады. Чалгындоо маалыматтарына таянып, Рамсфелд Сирия ирактыктарды тымызын чыгарып кетип жатканын, алардын көбү күчүн жыйнап алып, кайрадан Ирактын ар кайсы аймактарына кайтып жатканын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG