Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:12

СОГУШТАН КИЙИНКИ ТАРТИП ИРАКТА ОРНОТУЛА ЭЛЕК


Нарын АЙЫП, Прага 9-апрелде Багдаддагы салгылашуулар дээрлик аяктагандан кийин, борбор калаа салыштырмалуу тынч, бирок шаардын кээ бир аймактарында бирин-экин кагылышуулар уланууда. Көчөлөрдө болсо кылмыштуу топтор пайда болду жана алар менен кошо жөнөкөй жарандар да кароосуз калган үйлөрдү талоонго алууда. Жарадар болгондорду ооруканаларга жеткирүү дагы олуттуу маселеге айланууда.

Мурда ар бир күнү журналисттер менен жолугуп, согушта биз жеңип баратабыз жана аскер майданында болгон окуялар тууралуу америкалык жетекчилик жалган кабар таратып жатат деген Ирак маалымат министри Мохаммед Саид ас-Сахаф 9-апрелде брифинг өткөргөн жок. Тогузуна караган түнү Багдаддагы салгылашуулар күтүүсүздөн токтогонун кээ бир байкоочулар - түнкү бомбалоодон президент Саддам Хусейн өлгөн болуш керек деп түшүндүрүүдө. Кээ бир башка кабарлар боюнча, ал эки күн мурда эле өлкөдөн качып кеткен.

АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелддин айтымында, Ирактын кээ бир жетекчилери кошуна Сирияга качып жашынганы тууралуу маалымат бар, бирок президент өзү кайда экенин Рамсфелд билбейт жана ага көп деле кызыкпайт. Багдад көчөлөрүнө чыккан эл болсо америкалык аскерлерди куттуктап, ар башка көчө-аянттарда орнотулган Саддамдын эстеликтерин жерге кулатып, аларды сындырууда.

Анткен менен эл арасындагы маанай толугу менен көтөрүңкү эмес. Багдаддын бир дүкөнүнүн ээси Али ал-Обейдим "Ассошиейтед пресс" агенттигинин кабарчысы менен маектешкенде, америкалыктардын шаарда узакка калышына биз эч качан макул болбойбуз, канчалык зөөкүр болсо да, Саддам мусулман болчу деп билдирген. Шаардын "Бейиш аянтындагы" Саддамдын алты метрлик айкели кулатылып жатканда болсо, бир америкалык солдат анын башын америкалык желек менен ороп салганда, аянтта чогулган эл тымтырс боло түшкөн. Шашкалактаган аскер ал желекти алып салып, Саддамдын башын Ирактын туусу менен орогондо гана эл кайрадан кубанып, диктаторлук режимдин аяктаганын майрамдоону уланткан. Андан тышкары, шаардын аба майданына кеткен жолго коюлган миналарды америкалык аскерлер 8-апрелде кечинде алып салганына карабай, эртең менен жол кайрадан миналанып калган. Ошондуктан, толук тынчтык орногонго чейин дагы көп бар.

Талап-тоноолор өлкөнүн түштүгүндөгү Басра шаарында өзгөчө күч алды. Шаарды көзөмөлдөгөн британ аскерлеринин тартип орнотууга күчү жетишпей жатат. Шаарга барган "Азаттыктын" кабарчысы Чарльз Рикнэйгелдин айтымында, уюшкан кылмыштуу топтор имарат-кеңселерди карактоого киришти:

- Мурдагы күндөргө караганда, Басрадагы кылмыштуулук өтө күчөдү. Имараттарга өрт коюлуп жатат, каракчылар аларды толук тоноп бүттү. Мисал үчүн 'Шератон' мейманканасы жана анын жанындагы жаратылыш тарых музейинин имараттарынын ичинде эч нерсе калган жок. Алар экөө тең жана университеттин имараты да азыр өрттөнүп жатат. Андан тышкары, каракчылар айрым адамдарга да кол сала баштады.

Чарльз Басранын ооруканасында жаткан бир жигит менен сүйлөшкөн. Ал жигиттин айтымында, аны куралчан каракчылар көчөдө кармап алып, тоноп, кийин аны бутка атып кеткен. Ооруканада болсо электир кубаты жок болгондуктан, ага операция жасалбай жатат. Өлүп же жарадар болуп көчөдө жаткандарды ооруканаларга жеткирүү да өзүнчө маселеге айланууда. "Нью-Йорк таймс" гезитинин кабарчысы менен Багдад шаарында маектешкен Гирт ван Муртер аттуу доктурдун айтымында, ага кээде америкалык аскерлер да тоскоолдук түзүүдө: “9-апрел күнү биз көчөдө жарадар болуп жаткан эки жигитти тез жардам машинесине салып алып, ооруканага жөнөгөнбүз. Бирок биздин машинеге каршы ок атылып, биз токтоп калганда, ал эки жигит кайтыш болду. Бизди ок менен токтоткон америкалык танктын ичинен чыккан аскер: “силер машине менен жардыруучу зат алып баратышыңар мүмкүн болчу” деп кайра бизди күнөөлөдү”, - дейт "Кызыл Чырым" уюмунун доктуру.
XS
SM
MD
LG