Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23

БУУ ИРАКТЫН КЕЛЕЧЕГИН ЧЕЧКЕНГЕ КАТЫШАБЫ?


Баян Жумакадыр кызы, Прага Коалициялык аскерлердин Багдадды көзөмөлгө алышы саясий чөйрөлөрдө Ирактын келечеги, аны калыбына келтирүү жөнүндөгү маселелерди кабыргасынан койду. Бирок дүйнө өлкөлөрүнүн эң чоң уюму - Бириккен Улуттар бул жөнүндө конкреттүү чечим кабыл ала элек.

9- апрель, Улуттар Уюмунун Нью Йорктогу кеңсеси. Ал күнү телевизорлордун алдына топтолгон кызматкерлер коалициялык аскерлердин Багдадды алып жатканын көрүп жатышты. Бирок алардын жүзүнөн кубануу байкалган жок. Анткени Уюмга мүчө мамлекеттердин көпчүлүгү АКШ баштаган коалициянын Ирактагы согушун мыйзамсыз деп эсептейт. Уюмдун Коопсуздук кеңеши ал согушка макулдугун берген эмес.Ошон үчүн азыр уюм көпчүлүккө азыркы "ойундун" ойунчусу эмес - четтен карап турган көрөрманындай сезилүүдө.

Ал эми анын аралыгында Европа мамлекеттери Ирактын согуштан кийинки тагдырын чечүүдө уюмга башкы ролдун ыйгарылышын талап кылышууда. Соңку күндөрдө мындай пикирлерин Европа Биримдиги менен Германия билдиришти.
Уюмдун Иракта маанилүү роль ойноого тийиш экенин АКШнын президенти Жорж Буш да ырастады, бирок анын билдирүүсү уюмга маанилүү саясий роль эмес эле, Ирактын элин багууга кол кабыш кыла турган гумжардамчынын ролу ыйгарылып жаткандай кабылданды.

Уюмдун өзү болсо бул суроо боюнча конкреттүү ой-пикирин билдире элек. Ирак маселеси боюнча атайын жооптуу кызматкерин дайындаган Кофи Аннан уюм коопсуздук Кеңешинин чечимине жараша иш кыла турганын айтуу менен чектелүүдө. Ал эми Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү Франция менен Орусия Иракты саясий жана экономикалык жактан кайра куруу вазыйпасын мойуна алуу менен уюм Ирак согушун иш жүзүндө мыйзамдаштыра турганын, иштин андай нукка бурулушун каалабай турушканын жашырышкан жок. “Уюмдун АКШ жана Британия менен иш жүргүзүү үчүн дайындалган координаторунун вазыйпасы кандай болот?” - деген суроого Орусиянын уюмдагы элчиси Сергей Лавров мындай деди:

- Женева конвенциясы боюнча Ирактагы проблемаларды чечүү, - оккупациялык күчтөрдүн милдети. Улуттар Уюмунун аны менен иши жок.

Коопсуздук Кеңешинин азыркы төрагасы, Мексиканын уюмдагы элчиси Адолфо Зинзер болсо - Коопсуздук кеңеши бул маселе боюнча жакын арада орток пикирге келе ала турганына ишенет. Зинзерджин сөзүндө:

- Биз Иракта Улуттар Уюмунун негизги рол ойношун каалайбыз. Анткени уюм эл аралык мыйзамдардын урматталышын жана Иракта кандай чаралар көрүлбөсүн, эл аралык мыйзамдарда камтылган принциптердин сакталышын кепилдейт.

Бирок азыркыга чейин уюм гуманитардык миссия менен гана чектелип кала берүүдө. Коопсуздук кеңешинин чечими менен "мунайга азык-түлүк айырбаштоо" программасы 12-майга чейинки мөөнөткө жандантылды. Программа кайра иштей баштаганга чейин болсо уюм Иракка кеминде 2 миллиард долларлык гумжардам бермекчи.

Бирок уюмдун ишин татаалдантып жаткан маселелердин бири - Ирактын мүлкү, тактап айтканда, мунай кендери болуп кала берүүдө. Коопсуздук кеңешинин 1991-жылкы резолюциясына ылайык, 12 жылдан бери уюм Ирактын кендерине көзөмөл жүргүзүп, "мунай үчүн - азык түлүк" программасын ишке ашырып келген. Өлкөнүн коалициялык күчтөр тарабынан басылып алынышы Бириккен Улуттардын Ирактын мунай кендерине көзөмөл кылуу укугунун кандайча кепилдене турганы бүдөмүк болуп калды.

Дүйнө дөөлөттөрүнүн Иракка уюмдун уруксатысыз согуш ачышы жана 190 өлкө мүчө болгон залкар уюмдун ага таасирдүү каршылык көрсөтө албастан, отуруп калганы уюмдун эл аралык абройуна өлчөөсүз шек келтирди. Ошон үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун алдында азыр анын мындан аркы тагдыры, анын хартиясындагы жоболордун бардык мамлекеттер тарабынан аткарылышын кепилдөө механизмин иштеп чыгуу, уюмдун эл аралык абройун калыбына келтирүү сыяктуу опол-тоодой проблема турат.

XS
SM
MD
LG