Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:17

БОРБОР АЗИЯДА ЖУРНАЛИСТТЕР БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИ ҮЧҮН КҮРӨШҮҮДӨ


Жаркын Темирбаева, Прага Борбор Азия өлкөлөрүндө басма сөз эркиндиги дээрлик кысымга алынып жатканын эл аралык уюмдар өз отчетторунда үзбөй тастыкташат. Сын макала жазганы үчүн журналисттерге бийлик тараптан зордук-зомбулук жасоо кадыресе көрүнүшкө айланган. Бирок көз карандысыз журналисттер ар кандай кысымдарга карабай басма сөз эркиндигин орнотууга бардык күч аракеттерин жумшап жаткандыгын айтуу абзел.

Борбор Азия мамлекеттеринде расмий түрдө цензура жок. Бирок региондогу беш өлкөдө тең бийлик тарабынан басма сөз эркиндигине басым жасоо үчүн ар кандай ыкмаларды колдонуу дээрлик кеңири орун алган. Мисалы, каржылык айып салуу же укуктук кысымчылык жасоо соңку жылдары күчөп кеткен.

Эксперттердин айтымында, Советтер Биримдигинин убагында цензура болгону үчүн жергиликтүү журналисттер өздөрүн өзү цензуралаганга көнүп калган. Анткени алар саясый жана ишкер чөйрөсүндөгү жетекчилерди сындаса, ага каршы катуу жооп болушу мүмкүн деп коркушчу. “Азаттык” радиосунун кабарчысы Фарангиз Нажибулло бул маселеде ташкендик эки журналист менен сүйлөшкөндө, экөө тең өз атын атабоону суранган.

Биринчи журналист: “Өзбекстандан чыгуучу гезиттерди окуп көрсөңөр, анда кимдир бирөөнүн өз оюн эркин айтып чыгуусу жок экени ачык эле көрүнөт”.

Экинчи бир журналист: “Мен өзбек журналистмин. Өлкөдө басма сөз цензурасы расмий жоюлганына бир жылдай болуп калды. Бирок, биз баары бир мурдакыдай эле өз пикирибизди эркин айтып, жазуудан коркобуз. Биздин редактор сын-материалдарды жазбагыла деп ачык эле айтат. Ошондуктан биздин өлкөдө басма сөз эркиндиги азырынча жок. Өкмөт мүчөлөрүн же башка бир адамдарды сындаганы үчүн журналист токмок жейт же камалат. Ага да болбой ишин уланткан өкмөттүк же көз карандысыз гезит, үналгы, сыналгы түйүндөрү болобу жабылат. Көз карандысыз журналисттерге көптөгөн сот иштери ачылып жатканы белгилүү. Алар көбүнчө бейбаштык кылды же каржылык тартипти бузду деген жалаа менен айыпталат. Журналисттерге коюлган күнөөлөрдүн баары чыныгы айып эмес, алар жөн гана “журналисттик кызматы үчүн жазага тартылууда”.

Борбор Азиядагы беш өлкөнүн ичинен Түркмөнстанда эркин басма сөз таптакыр жок. Башка төрт мамлекеттеги абал салыштырмалуу бирдей. Акыркы эки ай ичинде Өзбекстанда үч журналист камакка алынып, бир эркин гезит жабылды. Казакстанда болсо көз карандысыз белгилүү журналист Сергей Дуванов өспүрүм кызды зордоду деген айып менен соттолгон. Тажикстанда Хожент шаарындагы “СМ-1” аталыштагы көз карандысыз эркин сыналгы түйүнүнүн үч кабарчысы күч менен армияга жөнөтүлгөн. Окуя Тажикстандагы коррупция жаңжалы сыналгы аркылуу көрсөтүлгөн күндүн эртеси болгон. Ошондуктан Борбор Азиядагы журналисттер өздөрүн өзү цензура кылып турганга аргасыз.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Интерньюс Интернешил” уюмунун аткаруучу директору Ерик Жонсон:

- Эгерде Борбор Азия жакта иштесем, мен да өзүмдү өзүм цензура кылмакмын. Опурталдуу маселелер жөнүндө жазып жатканда, өзгөчө бир жолдорду табыш керек. Борбор Азиядагы мамлекеттерде менин оюмча эң негизги коркунуч жергиликтүү бийликтегилерден чыгат. Батыштагы эл аралык уюмдар Борбор Азиядагы журналисттерге жардам берүүгө даяр. Бирок бул маселенин оңой-олтоң жөнгө салынуусу кыйын. Бул өлкөлөрдүн парламенти да басма сөз эркиндиги тууралуу айткандан жалтаңдап турат. Бирок көз карандысыз маалымат каражатын түзүүгө аракеттенген адамдар көп. Алар колдоого муктаж. Бийликтин зордук-зомбулуктарына чыдап өздөрүнүн камалып, соттолуп жаткандарына карабай алар баары бир көз караштарынан тайбай, басма сөз эркиндигин орнотуу аракетинде иштеп жатышат.

Борборазиялык өкмөттөр эркин маалымат каражаттарын чектөө үчүн каржылык жаза ыкмаларын көп колдонот. Мисалы, Тажикстандын “Шархи Озоди” басмаканасы өлкөдө чыккан гезит-журналдардын 80 пайызын басып чыгарат. Жакында бул басмакана төлөө акысын чукулунан 40 пайызга көтөрдү. Мындан сырткары, мамлекет басылмаларга салык жагынан жеңилдик берүүдөн такай баш тартып келет.

Жергиликтүү журналисттердин бири:

- Карапайым калк жетишпестиктин айынан гезит сатып алалбайт. Алыскы айыл жерлерине мурдакыдай гезит-журналдар жетпейт. Анткени гезит-журналдарды ташып-жеткирүү кызматтары оңдуу иштебейт. Бардык кесел айлык акынын аздыгына барып такалат. Ошондон улам кээ бир адамдар советтик мезгилди эңсейт. Ал кезде ар бир үй-бүлө жумасына эки жолу гезит-журнал алып турчу.

Тескерисинче, азыркы бийлик эл менен маалымат каражаттарын бири-биринен бөлүп салуу аракетин көрүүдө. Алсак, Дүйшөмбү шаарынын мэри Махмудсаид Убайдуллаев шаар ичиндеги гезит сатуучу бардык күркөлөрдү талкалап жок кылган. Ал эми Самарканд облусунун жетекчиликтери кошуна облустардан келген гезиттердин таратылышына тыюу салган.

“Самарканд үнү” деген гезиттин редактору Гафур Махмудовдун айтымында:

- Каржы маселесин алсак, өлкөдө гезит чыгаруу абдан оорлошкон. Биз коңшу облусттар өз гезиттерибизди таратуу боюнча атайын келишим түзгөнбүз. Бир облустан чыккан гезит экинчи бир облустун калкына абдан кызыктуу. Анын үстүнө расмий түрдө каттоодон өткөн гезиттердин облустарда таратылышынын эмнеси жаман. Бир эле өлкөнүн эки бөлүгү болуп саналган Самарканд менен Бухаранын эли бири-биринин гезиттерин окуганга эмне себептен укугу жок болгонун түшүнө албайм.
XS
SM
MD
LG