Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

АСКАР АКАЕВ: «КМШда ЭРКИН СООДА АЙМАГЫН ТҮЗҮҮГӨ МАМЛЕКЕТ БАШЧЫЛАРЫНЫН САЯСИЙ ЭРКИ ГАНА ЖЕТИШПЕЙ ТУРАТ»


Бүгүн Украинанын президенти Леонид Кучма Кыргызстанда бир күндүк иш сапары менен болуп, эки мамлекеттин жана КМШдагы өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык алакалар тууралуу Кыргызстандын жетекчилери менен пикир алышты.

Украина президенти Леонид Кучма Кыргызстанга Борбордук Азия мамлекеттерин кыдыруу алкагында келип, президент Аскар Акаев, өкмөттүн премьер-министр Николай Танаев баштаган мүчөлөрү менен жолугушту. Президент менен жолугушуудан кийинки басма сөз жыйынында айтылган маалыматка караганда, мамлекет башчылары эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу тууралуу пикир алышты. Аны президент Аскар Акаев:

- Акыркы кезде биздин байланыштарыбыз өнүгүүгө багыт алды. Премьер-министр Николай Танаевдин жакында Киевге барган иш сапарынын учурунда кол коюлган бир катар макулдашуулар Кыргызстан менен Украинанын соода-экономикалык кызматташуусуна жаңы күч берет деген ишенимдебиз, - деп баалады.

Леонид Кучма менен Аскар Акаевдин жолугушуусунда талкууланган негизги тема - КМШнын эркин соода аймагын түзүү болду. Президент А. Акаевдин айтуусу боюнча он жылдан ашык мезгилден бери айтылып, бирок иш жүзүнө ашпай келаткан бул идеяны орундатууга быйыл шарт болот жана ал КМШ мамлекет башчыларынын ушул жылдын сентябрь айында Ялта шаарында боло турган саммити учурунда чечилиши мүмкүн.

- Биз сентябрь айында Ялта шаарында чогулганда бул маселени чечүүгө жол табабыз деген зор ишеним бар. Бул маселени чечүүгө КМШ мамлекет башчыларынын саясий эрки гана жетишпей турат, - деди Акаев.

Ал эми Украинанын президенти Леонид Кучма КМШ мамлекеттеринин ортосунда чыныгы соода байланышы жок экендигин аныкташ үчүн «журналисттердин чоң тобун Бишкектен Киевге жөнөтсөк алар ошондо эркин соода жок экендигине көздөрү жетмек» деп билдирди.

- Азыр постсоветтик мамлекеттердин аймактарында капиталдын, адамдардын эркин каттоосуна такыр шарт жок, - деди Украинанын президенти. - Ушундан улам КМШ мамлекеттеринин ортосунда товар айлантуу жылдан-жылга солгундап баратат. Көптөгөн тоскоолдуктардан улам эзелтен соода катнашы болгон жана азыр деле бар аймактардан качып, жаңы рынокту издеп жатабыз. Мындан бир гана өлкө эмес, Шериктештиктеги бардык мамлекеттер тукулжурап атат. Өндүрүштү өркүндөтүү ыкчам байланышты талап кылат. Андан экономика өнүгөт. Мисалы, быйыл Украинанын ички дүң продуктусунун көлөмү 6-7%тен кем болбосун деген милдет коюп жатабыз. Эгер эркин соода болбосо мындай милдетти аткара албайбыз. Бул боюнча Аскар Акаевич менен бир пикирге келгенибиз жакшы болду. Эми КМШдагы башка лидерлерди ынандырууга аракет кылабыз. Биз мунун аягына чыгып, акыркы чекитти сөзсүз коюушубуз керек. Эгер кое албасак анда өзүбүздүн алсыз экендигибизди моюнга алышыбыз керек. Тоскоолдуктарды жоюу тууралуу сүйлөшүүлөрдү кайра-кайра жүргүзө берүүнүн кереги жок.

Украина Кыргызстанга 28 миллион доллар карыз. Бул акыркы жылдары эки өлкөнүн катнашындагы оор маселе болуп келген. Николай Танаев Украинага барганда ал чечилди деген маалымат берилген. Президент Аскар Акаев маалымат жыйынында маселе өкмөттөр ортосунда каралып, бир пикирге келишкендигин билдирди. Эки өлкөнүн өкмөттөрү бул маселени чечүү тууралуу сүйлөшкөндөн кийин Украина деле аны аткарууга ынтызар, бирок, анын өзгөчө бир жагдайы бар экендигин эскерткен Леонид Кучма:

- Бул Украина мамлекетинин кыргыз мамлекетинин алдындагы карызы эмес. Бул ишканалардын карызы. Мындай карыз, аны жоюу тууралуу макулдашуу менен парламентке барсаң депутаттар «премьер-министр мындай карызды жоюу макулдашуусуна кол коюуга кандай укугу бар?» деген суроо беришет. Бирок, биз макулдашкандан кийин анын жолун табабыз,- деп билдирди.

Кыргызстан менен Украинанын соодасынын бир жылдык көлөмү - 12 миллион доллардын тегерегинде. Анын 4,3 миллионун Украинага кеткен экспорт, 8 миллионго жакынын Украинадан келген импорт түзөт. Кыргызстан Украинага лампочка, пахта, тамеки, трансформаторлорду экспорттойт. Украинадан болсо кондитердик товарларды, машина дөңгөлөктөрүн, трактор алат.

XS
SM
MD
LG