Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

Таласта энергетика кризисин жөнгө салуу аракеттери башталды


ТАЛАС. Бүгүндөн тартып облустук коллегиянын мүчөлөрү, облустук мекеме, ишкана, уюмдардын жетекчилери жана облустук кеңештин депутаттары ар кимиси өз туулган айылдарына, шайлоо округдарына барышып, эл менен жолугушууларды өткөрө башташты. Эң негизги маселе - элдин электр энергиясына болгон карызын төлөтүү жана нааразычылыктарды басуу. Коопсуздук Кеңешинин соңку отурумунда белгилүү болгондой, 200 миңдей жашоочусу бар Талас облусу, быйылкы жылдын 3 айын кошуп эсептегенде мамлекетке 191 миллион сомдон ашуун карыз. Жарыкты, жылуулукту узакка өчүрүп коюу элдин нааразычылыгын күчөтүүдө. Эл аралай баштаган бийлик өкүлдөрүнө социалдык нааразылыкты түшүндүрүү жолу менен басаңдатуу, саясий маселеге айлантпоо көрсөтмөсү берилген. Ушул күнгө карата облустагы 114 трансформатордук подстанциянын 200гө жакыны бир нече күндөн бери өчүрүлүп коюлган.

XS
SM
MD
LG