Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Дүйнөлүк Банктын отурумуна Кыргызстандын өкүлү катышууда


БИШКЕК. Бүгүн Вашингтондо Дүйнөлүк Банк 40 донор-уюмдун өкүлдөрүнүн катышуусунда жардамдардын келерки үч жылдык стратегиясын талкуулоого киришти. Отурумга донор-уюмдардан тышкары Дүйнөлүк Банк жардам берген алты региондо жайгашкан өнүгүү жолундагы мамлекеттерден да өкүлдөр чакырылды. Алардын катарында Европа жана Орто Азия мамлекеттеринин атынан бул отурумга кыргыз өкмөтүнүн вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев катышууда. Жыйында Кыргызстанга таандык маселелер да талкууланат. Алардын эң негизгилери - тышкы жардамдар, алардын натыйжалуулугун арттыруу, кеңеш берүүчү чет өлкөлүк эксперттердин санын азайтуу жана гранттык жардамдарды көбөйтүү. Вашингтондо Жоомарт Оторбаев отурумдун алкагында эл аралык донор-уюмдардын бир катар абройлуу өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларга катышаары күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG