Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:16

Эл өкүлдөрү башкалаанын мэринин отчетун угушту


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын кезексиз XV сессиясында Бишкек шаарынын мэри Медетбек Керимкуловдун отчету угулду. Отчетту уккандан кийин депутаттар борбордун өнүгүүсү жана проблемалары боюнча мэрге суроолорду берди. М. Керимкуловдун айрым суроолорго берген жообуна караганда, шаарда таштандыларды ташып чыгаруу маселеси толук чечилбей турат. Бирок аны жеңилдетиш үчүн 12 млн. сом бөлүндү жана жакынкы күндөрдө ал акчага таштанды ташуучу 10 КамАЗ автомашинасы алынып келинет. Ал эми борбордун күз айларында белгиленчү 125 жылдыгына карай көчөлөрдөгү базарлар жоготулат. Депутаттар өз суроолоруна жооп алышкандан кийин мэрдин отчетун эске алууну жана шаардын өнүгүшүн камсыз кылыш үчүн программа иштеп чыгууну, борбордо чогултулган салыкты адилет бөлүштүрүүнү сунуштаган токтом кабыл алышты. Эл өкүлдөрүнүн сессиясы жума күнү да уланат, анда депутаттар 27-мартта Бишкек-Торугарт жолунда болгон трагедияны иликтөөнүн жүрүшү боюнча өкмөттүк комиссия башчысы, вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиевдин жана ички иштер министри Бакирдин Субанбековдун маалыматын угушмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG