Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:56

Мамлекетти ак ниет башкаруу боюнча улуттук кеңеш түзүлдү


БИШКЕК. Президент Аскар Акаевдин жардыгына ылайык Кыргызстанда Ак ниет башкаруу боюнча улуттук кеңеш түзүлүп, ал мамлекеттик саясаттын коррупцияга каршы стратегиясын иштеп чыгат. Жардыкта мындай аракет экономикалык субьектилердин ишине мамлекеттик органдардын ашыкча кийлигишүүсүн четтетүүгө, мамлекеттик кызматчылардын жоопкерчилигин жогорулатууга, коомдо коррупцияга каршы маанай түзүүгө багытталаары белгиленген. Жардыкка ылайык Улуттук кеңештин төрагалыгына премьер-министр Николай Танаев, анын орун басарлыгына вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков дайындалышты. Кеңештин 25 кишиден турган курамына, жогоруда аттары аталган жетекчилерден тышкары, Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү - башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев, финансы министри Болот Абилдаев жана Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Калык Иманкулов киришти. Мындай уюмду түзүү чечимин өлкөнүн Коопсуздук Кеңеши 1-апрелде болгон кезектеги отурумунда кабыл алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG