Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:19

Ысыккөл облустук жана Москва шаардык ички иштер башкармалыктарынын ортосунда кызматташтык тууралуу келишимдерге кол коюлду


КАРАКОЛ. Орусиянын Москва шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү Ысыккөл районундагы эс алуучу жана ден-соолукту чыңдоочу комплекстердин шарттары менен таанышып чыккан соң, мындан ары жайкы эс алуу мезгилинде республиканын Ички иштер министрлигинин «Аалам» эс алуу жайынан ден-соолуктарын чыңдоого ниеттерин билдиришти. Ошондой эле Бостери айылындагы № 54-жылкы заводундагы асыл тукум жылкылардын багылышына кызыгышып, Москва шаардык ички иштер башкармалыгынын алдындагы атчандар полкуна асыл тукум жылкыларды сатып алуу боюнча келишимдерге кол коюшту. Ишкер сүйлөшүүлөрдүн соңунда мындан ары кызматташтык байланышты чыңдоонун жыйынтыгы катары москвалык тартип коргоо органдарынын кызматкерлери ысыккөлдүк милиция кызматкерлерине техникалык жардам көрсөтүп турушмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG