Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Украин президенти Бишкекке келип кетти


БИШКЕК. Украинанын президенти Леонид Кучма бүгүн Кыргызстанга Борбордук Азия өлкөлөрүн кыдыруу программасынын алкагында келип кетти. Бишкекте Леонид Кучма менен президент Аскар Акаев жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун соңунда президенттер басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Анда айтылгандарга караганда, тараптар КМШнын эркин соода аймагын түзүү маселесин да талкуулашты. Бул маселе Украина президенти төрагалык кылган КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин сентябрда боло турган Ялта отурумунда талкууланаары күтүлүүдө. Маалымат жыйынында президент Аскар Акаев Украина менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык өнүгүү жолунда баратканын белгилеп, анын мисалы катары премьер-министр Николай Танаевдин Украинага иш сапарын белгиледи. Николай Танаевдин катышуусунда 26-мартта Киевде биргелешкен өкмөт аралык комиссиянын отуруму болуп, анда негизги маселе катары өз ара эсептешүү жааты каралган. Иш сапарынын жыйынтыгы боюнча берген маалыматында Н.Танаев Украина өкмөтү Кыргызстанга 28 миллион доллар карызын төлөөгө макулдук бергенин билдирген.

XS
SM
MD
LG