Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:49

БОРБОР АЗИЯДА КАЛКТЫН БИР ПАЙЫЗЫ ГАНА ИНТЕРНЕТКЕ «БАЙЛАНГАН»


Өнүккөн Батыш, көптөгөн чыгыш өлкөлөрү бүгүн Интернетке кошулуп, дүйнөлүк компютердик тармактын үзүрүн көрүп жатышат. Борбор Азия бул процесске кийинчерээк аралашса да, соңку жылдары бир топ жылыш жасады. Бирок аймактын чабал телекоммуникация тармагы жана интернетке кошулуунун кымбаттыгы бул ишти артка тартып келатат.

Интернеттин үзүрүн мен көп эле көрдүм. Гезиттен "Иран-Контра" деген сөз айкашы көзүмө чалдыгып калды. Мурда АКШнын тарыхындагы бул эң чуулгандуу саясий жаңжал тууралуу маалымат алыш үчүн китепканага жөнөмөкмүн. Азыр болсо, үйдөн чыкпастан, Интернеттин издөө колонкасына "Интра сызык Контра" деп жазсам, Конгресстин китепканасынан же дүйнөлүк энциклопедиядан тийиштүү макалалар экранга каз-катар тизилип калды. Интернет аркылуу күнүгө билбеген сөздүн котормосун карайм. 9-кылымда Чыгыштан келип, Каспийдин түндүк тарабында отурукташып, кийин дайынсыз жоголгон хазарлар тууралуу китеп чыккан экен, "Амазон чекит комдун" Интернет барагына жазып, кредиттик картанын номерин берип заказ бердим, эки жумада китепти ишке жеткирип беришти. Айрым кыргыз гезиттерин, батыштык басылмалардын көпчүлүгүн да Интернеттен окуйм. Интернет аркылуу электрондук почта менен Америкага чыгам; Бишкектеги агама кат жазам; Түркмөнстандагы өзбек мугалимдеринин ишсиз калышы тууралуу "Мемориал" уюмунан келген кабарды маңдайымда отурган кесиптешиме жөнөтөм.

Айтор, "сыйкырдуу сандыкка" катуу кынык алып алдым, эгерим байланыш жок, интернет иштебей калса, жетимсиреп калган компютерди ачкым да келбейт. Өзгөчө үйгө, Кыргызстанга барганда, өзүмдү маалымат боштугунда калгандай сезем. Прагада иш башка, иште компютер күнү-түнү Интернетке байланган, көчөдө саатына 30 цент, ашып кетсе бир доллар төлөп, Интернетке кирип, же үйгө орнотуп алса болот. Анан дагы Европада телефон байланышы ылдам болгондуктан, Интернет пайдаланган өзүнчө эле ырахат.

Борбор Азияда бүгүн калктын бир пайызы Интернеттен пайдаланат. Бул – чоң жылыш, себеби мындан үч жыл мурда бул көрсөткүч 0.1 пайыз гана болчу. Ошол эле убакта, калкынын 20-25 пайызы компютер пайдалган АКШ, Индия жана башка азиялык мамлекеттерден биздин аймак ченемсиз артта калган.

Пост-советтик жумурияттардын ичинен Борбор Азияда Казакстан менен Кыргызстан компютерлештирүүнүн көч башында келатканы белгилүү. Бирок Бириккен Улуттардын эсебинде, Кыргызстанда 1 миң кишинин 70инин гана өз компютери бар. Буга салыштырмалуу Европада миңден 350 кишинин, Кошмо Штаттарында дээрлик 600 кишинин компютери бар.

Алатоодо интернет колдонгондор да өтө аз. Бишкекте Интернет кызматын сунуш эткен жүздөгөн кафелер ачылган, эл аралык уюмдардын жардамы менен көп окуу жайлар дүйнөлүк компютердик желеге кошулган. Бирок Борбор Азия боюнча бир саат Интернет байланышы орто эсеп менен 1 доллар турат. Буга салыштырмалуу, Индияда бул 10 цент. Бир доллар бул өтө кымбат, себеби бизде айлык-маяна төмөн. Баалар айрыкча Өзбекстанда асмандап кеткен. Бул тууралуу "Өзбек мектептерин компютерлер менен камсыздоо" долбоорунун өкүлү Давид Жиа мындай дейт:

- Өзбекстанда бул байланыштын баасы өтө жогору. Казакстан сыяктуу Борбор Азиядагы коңшуларына салыштырганда да жогору. Өзбекстанда эки эсе кымбат. Интернет өзбектер үчүн гана эмес, Кошмо Штаттары үчү да кымбат. АКШда (айына) 15-20 доллар төлөп коюп, күнү-түнү Интернетке кирсе болот. (Ал эми Өзбекстанда) бул жакта бир сааттык байланыш эки доллар турат.

Өзбекстанда өкмөт кеңселеринин 8 пайызы гана интернетке байланган. Ошол эле убакта Интернетте Өзбекстанга тийешелүү болгон "чекит уз" зонасында дээрлик ай сайын жаңы баракчалар ачылат. Мисалы февралда өзбек адабиятына арналган сайт иштей баштады.

Кыргызстанда азыр электрондук өкмөт түзүүнүн үстүнөн иш жүрүүдө. Бул ишке көмөктөшкөн Бириккен Улуттардын Өнүктүрүү программасы азыр жер-жерлерде бекер кызмат көрсөткөн Интернет бөлүмдөрүн ачып жатат. Программанын Бишкектеги өкүлү Олга Гребенникова бул борборлордун маанисин биздин радиого мындайча түшүндүрдү:

- (Интернет байланышы болбосо), (элеттиктер) өкмөттөн (өз убагында) маалымат ала албайт, өкмөттүк же парламенттик порталдар аркылуу талкууга катышып, өкмөт менен байланышып, (расмий өкүлдөргө) кат жаза алышпайт. Ушул кемтикти толтуруу үчүн, коомдук борборлор ачылды, алар азыр Баткендин Лейлек району сыяктуу алыскы аймактардын көбүндө бар.

Интернет маалыматтын түпсүз булагы болгондуктан, авторитардык өкмөттөр аны чектегенге аракет жасашат. Мындай кине Борбор азиялык өкмөттөргө да коюлуп келатат. Бирок Интернеттин канат жайышына өкмөттүк цензурага караганда, телефон байланышын жалгыз бийлеп көнгөн мамлекеттик телекомдордун бут тосуусу көбүрөөк тоскоол болуп жаткан шекилдүү. Маалымат каражаттарын өнүктүрүү жаатында иш алып барган "Интерньюс Интернэшнл" уюмунун аткаруучу директору Эрик Жонсон мындай дейт:

-Өкмөттөр Интернет байланышына бөгөт түзүп, же андагы баракчалардын бурмаланган көчүрмөсүн коюп койот дешкенин уга калып жүрөбүз. Бирок көптөгөн башка өлкөлөргө салыштырганда, бул анчейин ири масштабга жеткен жок. (Интернетти) Саударабия көп цензуралайт, Ирак көп кийлигишет, Кытай бул жаатта катуу иштеп жатат. Ал эми Борбор Азияда бул көрүнүш өтө чектелүү мүнөзгө ээ.

Ошол эле кезде, Жонсон айткандай, Борбор Азияда Байланыш министрликтери кардарларын телефондон арзан сүйлөшүүгө мүмкүндүк берген Интернет операторлоруна тарттырып жиберүүдөн сактанышат. Бул кырдаалдан чыгуу үчүн мамлекеттик телекомдор жеке менчик телеоператорлор менен бирдей шартта иштөөгө тийиш, алар керектөөчүлөр үчүн акыйкат күрөшкө тартылса, баалар өзүнөн өзү төмөндөйт. Батышта дал ушул жол менен баалар күндөн күнгө түшүп баратат. Ал эми арзан телебайланыш сиз-биздей жеке адамдардын турмушун гана жеңилдетпестен, экономиканын өнүгүшүнө да жагымдуу шарт түзмөк. Антпесе, Борбор Азиядагы өкмөттөр интернетке негизделген глобалдык экономикага жаш муундардын даярдоо мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жаткандай сыяктанат.
XS
SM
MD
LG