Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:03

КЫРГЫЗ-ИРАН МАМИЛЕСИНИН ТАМЫРЫ ТЕРЕҢДЕ


Бүгүн Тышкы иштер министрлигинде Кыргызстан менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы дипломатиялык байланыштардын түзүлгөнүнө 10 жыл толгондугуна арналган «тегерек үстөл» өттү. Ага Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Алиреза Моайери мырза баштаган меймандар катышты. «Тегерек үстөлдө» Ирактагы согушту токтотуудагы Бириккен Улуттар Уюмунун жана эл аралык коомчулуктун орду, Ооганстандагы акыркы кырдаал жана кыргыз-иран мамилелерин жакшыртуу боюнча ар кыл пикирлер айтылды.

«Тегерек үстөлдө» согуштан кыйраган Ооганстанды калыбына келтирүү озуйпасын кыргыз-иран соода-экономикалык карым-катнашын арттыруу аркылуу ишке ашыруу эки өлкөгө тең пайда деген ой айтылды. Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Алиреза Моайери мырзанын айтымында, Ирактагы согуштун айынан Ооганстанды калыбына келтирүү иштери унутулуп баратат:

- Ооганстанда биротоло тынчтык орномоюнча, бул көп жылдык согуштан жапа чеккен мамлекетте өнүгүп-өсүш болбойт жана анын каскагы бүтүндөй Борбордук Азия тийиши мүмкүн.

Алирези Моайери мырза Ирактагы согушту токтотууда Бириккен Улуттар Уюмунун алсыздыгы эл аралык саясатта жагымсыз окуяларга алып келиши мүмкүн деп белгиледи. Анын айтымында, карапайым адамдарды кыруу жолу менен демократия орнотууга болот дегенге бир да акыл–эси жайында адам ишенбейт. «Ошондуктан мындай маселеде Бириккен Улуттар Уюмунун ролу жогору болууга тийиш», - деп белгиледи ал «тегерек үстөлдүн» жүрүшүндө.

Ооганстанды калыбына келтирүүгө Кыргызстан да өз салымын кошууга дилгирленип келатат. Кыргызстандын тышкы соода жана өнөр-жай министринин орун басары Жаңыл Түмөнбаеванын айтымында, Ооганстанга Кыргызстандан курулуш материалдары, тамак-аш жөнөтүлүүдө. Ошентсе да, Ооганстанды бутуна тургузуунун шарапаты аркасында Иран менен Кыргызстандын өз ара тыгыз кызматташуусуна мүмкүнчүлүк түзүлүп отурат:

- Ооганстандын экономикасын калыбына келтирүү максатында биз бир катар иштерди жасадык, - деди Жаныл Түмөнбаева. - Алсак, 2002-жылы Кыргызстандан Ооганстанга кеткен экспорттун көлөмү 2001-жылга салыштырганда 2,8%ке өстү. Бирок жалаң гана Ооганстан менен түздөн-түз иштешпей, Иран аркылуу бул өлкөнүн өнүп-өсүшүнө көмөктөшсөк деген оюбуз бар. Анткени биз Иран менен Экономикалык Кызматташтык Уюмунун негизинде жакындан тыгыз иштешүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы саясий мамилелер 1991-жылдын 21-декабрынан башталган. Бүл күнү Иран мамлекети Кыргызстанды эгемен мамлекет катары тааныган. Андан бери Иран Кыргызстандын ысык ымаладагы өнөктөш мамлекеттеринин бирине айланды. Эки мамлекетти Ислам Конференциясы жана Экономикалык Кызматташтык Уюму сыяктуу уюмдар бириктирип турат.

10 жыл аралагында эки өлкө ортосунда 60тан ашуун мамлекет аралык жана өкмөт аралык документтерге кол коюлган. Бул бекеринен эмес. Себеби Иран Ислам Республикасы аймактагы бирден бир кубаттуу мамлекеттердин бири болуп эсептелет. Аны «тегерек үстөлдүн» жүрүшүндө Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Жээнбек Кулубаев да белгилеп өттү:

-Иран аймакта өтө чоң рол ойногон мамлекет. Ирандын аймактагы туруктуулукту сактоого ынтызар болгонун биз туура деп эсептейбиз. Себеби аймакта бейкуттуктун болушу Кыргызстандын да өнүгүүсүнө жакшы шарт түзөт. Ирандын Борбордук Азия мамлекеттерине карата жүргүзгөн саясатын биз колдоого алабыз жана аны Кыргызстанга да көрсөтүлүп жаткан көмөк катары баалайбыз.

Дипломатиялык байланыштар түзүлгөндөн тартып Иран Кыргызстандын бирден-бир соода өнөгүнө айланган. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына караганда, 2001-жылы Кыргызстанга Ирандан 6,6 миллион долларлык товар келген. Кыргызстандан болсо Иранга 8,2 миллион доллар өлчөмүндөгү товарлар ташылган. Кыргызстан Иранга электр лампасын, пахта буласын, болот, темир жана авиамай өңдүү товарларды сатат. Ирандан болсо айна, самын, эмерек, автоунаалардын дөңгөлөктөрү сыяктуу жыйырмадан ашуун товарлардын түрүн сатып алат.

Кыргыз Республикасынын тышкы соода жана өнөр-жай министринин орун басары Жаңыл Түмөнбаеванын айтымында, Иран менен Кыргызстандын ортосунда акыркы убактарда соода-экономикалык карым-катнаш солгун тартууда. Анын себебин Жаңыл Түмөнбаева мындай чечмеледи:

- Ирандан Кыргызстанга келген товарлардын көлөмү барган сайын азайууда. Себеби, Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө болуп киргенден тартып алыскы өнүккөн АКШ, Германия сыяктуу өлкөлөр менен товар алмашуусу күчөдү. Башкача айтканда, сандан сапатка карай өсүш болууда.

«Тегерек үстөлдүн» жүрүшүндө эки мамлекет ортосундагы аба каттамын ачып, учактарды каттатуу маселесин Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министринин орун басары Кеңешбек Карачалов көтөрдү.

Эки мамлекеттин Тышкы иштер министрликтеринин алдындагы дипломатиялык окуу жайлары окутуучуларды жана студенттерди алмашып, билимин арттыруу жаатындагы келишимге кол коюшту.
XS
SM
MD
LG