Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Анжела Мартиросованын айтымында, таңга маал өрт башталганда, таттуу уйкуда жаткан балдардын ар бирин ойготуп тургузууга мугалимдер жетишпей калышкан. Дагестандын борборунда орун алган кырсыктан дагы 100дөй адам жараат алды, 4 баланын акыбалы өтө оор. Орусиянын президенти Владимир Путин бул окуяга байланыштуу терең өкүнүчүн билдирип, жабыр тарткандардын жакындарына көңүл айтты.