Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:37

Доналд Рамсфелд Сирияны айыптады


АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд Сирияны Саддам Хусейндин шакирттерине жан тартып, башпаана берип жатат жана Иракка айрым согуштук техника жеткирүүдө деп күнөөлөдү. "Бизге жеткен чалгындоо маалыматтарына ылайык, Сирия Ирактан айрым адамдардын качып чыгышына, андан ары алардын жансактап жашашына, же Сирия аркылуу башка өлкөлөргө кетишине жардам көрсөтүүдө", - деди Рамсфелд Пентагондо өткөн маалымат жыйынында. Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл бейшембиде Вашингтондун Иракка жардам көрсөтүүдө деп Иран, Сирияга байланыштуу кабатырлануусу бул эки өлкөгө каршы согуш ачылат дегенди түшүндүрбөйт деп белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG