Президент Жак Ширак өз билдирүүсүндө Ирактагы согуш тез арада аяктаарына үмүтүн билдирип, Саддамдын режими кулаганына канааттанганын маалымдаган. Франция – Ирактагы согушка каршы чыккан өлкөлөрдүн башында турат. Андан тышкары Париж согуштан кийинки Иракта Бириккен улуттар уюмуна башкы роль берилишин талап кылууда. Жума күнү Ширак Санк-Петербургга барып, Орусия, Германиянын жетекчилери менен бирге Ирактын тегерегиндеги маселелерди талкуулайт.