Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

ИРАКТАГЫ УТУРУМДУК АДМИНИСТРАЦИЯНЫ ГЕНЕРАЛ ЖЭЙ ГАРНЕР ЖЕТЕКТЕМЕКЧИ


Согуштан кийин Ирактагы утурумдук администрацияны жетектөө үчүн Ак Үй отставкадагы генерал Жэй Гарнерди тандап алды. АКШнын Борбордук чалгын кызматы болсо ирактык оппозициячыл саясатчылардын эч кимиси жергиликтүү калк тарабынан колдоого алынбай турганын жоромолдоодо. Буга байланыштуу байкоочулар “Вашингтон Иракты кезектеги Карзайдан көрө экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Жапонияны калыбына келтирүү иштерин башкарган америкалык генерал Дуглас МакАртур өңдүү ишмердин колуна өткөрүп берүүнү артык көрөт” дешүүдө.

64 жаштагы генерал Жэй Гарнер Кошмо Штаттардын Ирактагы утурумдук администрациясын жетектээри анык болгондон бери, анын дарегине эмне гана сөз айтылган жок: “вице-падыша”, “проконсул”, “кезекте турган президент”, алтүгүл “Багдаддын шерифи” өңдүү келекелеген аттардан бери айтылды. Гарнерди ким деп аташпасын, ага ыйгарылган кызматтын максаты – Иракты калыбына келтирүү жана өткөөл өкмөт куруу иштерин жетектөө болуп эсептелет. Аталган иш-аракеттер кимдин башкаруусу менен жүргүзүлүшү керек деген талаштар курчуп турганын эске алсак, генерал Гарнер да кыйын кезеңдин алдында турат өңдүү, - дешет байкоочулар.

1991-жылы генерал ирактык күрттөрдү Хусейндин жоокерлеринен коргоого багытталган АКШнын гуманитардык миссиясын жетектеген. Гарнерди өзүнүн улуттук каарманы катары көрүшкөн күрттөр анын өлкөгө кайтып келүүсүн кубатташаарын Вашингтондо жайгашкан Күрт институтунун директору Майк Эмитэй мындай дейт:

- Менимче, күрттөр Гарнер өз ишин жакшы аткарат деп ишенишет. Ал күрттөрдүн жагдайынан жакшы кабардар. 12 жылдан кийин өлкөгө кайтып келип, алардын жетишкендиктерин көрүп ыраазы болот ко дейм. Ал күрттөр Ирактын келечегине кандай салым кошо турганын башкаларга караганда жакшы билет.

Бирок анын кубанычын бөлүшпөгөндөр да арбын.
Ок атышуу токтотоор замат Иракка жөнөп кетүүгө даяр турган эл аралык агенттиктер өлкөгө басып кирген аскерий күчтөрдөн оолак болууну көбүрөөк каалашат. Коалиция күчтөрү азык-түлүк, суу таркатуу өңдүү гуманитардык акцияларга тартылганы туура эмес деп эсептейт Бириккен Улуттар Уюмунун басма сөз өкүлү Дэвид Вимхөрст:

- Гуманитардык жардам куралдуу күчтөрдүн иши деп ойлобойбуз. Согушуп жаткан аскерлер жаңжалдын катышуучулары болуп эсептелет, ошондуктан алар бейтарап боло алышпайт.

Гуманитардык маселелер “Багдаддын шерифинин” алдында турган жалгыз маселе эмес. Гарнер “израилчил” деген сынга кабылып келгени маалым. “Вашингтон күчтүү Израилге муктаж” деген турумдагы жөөт лоббисттеринен белек-бечкек алгандыгы үчүн көпчүлүк мусулмандар ага көп ишеним көрсөтүшпөйт. Андан тышкары Гарнер Ирактын Улуттук Конгресси деп аталган оппозициячыл топтун жактоочусу катары да белгилүү.

Генерал өзүнүн пландары жөнүндө көп айткысы келбейт. Атүгүл өткөн айда АКШ Сенатынын тышкы байланыштар комитетинде сөз сүйлөөдөн баш тартты. Айтмакчы, Пентагон менен Мамлекеттик департамент өткөөл өкмөттү курууда алардын кимиси чечүүчү ролго ээ болот деген суроо боюнча талашып келатышат. Гарнер АКШнын борбордук командачылыгынын жетекчиси Томми Фрэнкске, башкача айтканда, Пентагонго баш ийет. Ошол эле мезгилде ага бөлүнгөн каражат мамдепартамент тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

Вьетнам согушунун ардагери Гарнер - абадан коргонуу системалары боюнча адис. Перс булуңундагы биринчи согуш маалында ал Ирак тараптан атылган Скад ракеталарынан Израилди коргоо иштерин жетектеген. Айрым эксперттер согуштан кийинки Иракка дал ушундай эки жаатта тең - аскерий жана жарандык башкаруучулуктагы тажрыйбасы бар киши керек деп эсептешет. Мисалы, вашингтондук аналитик Фил Андерсон Гарнердин ролун экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Жапонияны калыбына келтирүү жана андагы демократияга өтүү иштерин жетектеген генерал Дуглас МакАртурдуку менен салыштырат:

- МакАртур Жапонияда ийгиликке жетишти. Бирок ал МакАртур болгон.

Президент Буш Иракты башкаруу иштери мүмкүн болушунча тезирээк жергиликтүү элдин колуна өткөрүлүп берилээрин улам кайталап келет. Бирок Ак Үй административдик иштерди БУУнун катышуусусуз алып барса, Багдаддын жаңы режими үчүн “Вашингтондун жетеленме өкмөтү” деген айыптоолордон арылууга оңой болбой турганын байкоочулар эскертишүүдө.

XS
SM
MD
LG