Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:41

НООКАТ ШААРЫН ТҮЗҮҮГӨ АРАКЕТ КҮЧ


Кожогелди Култегин, Ош Учурда Ноокат районунун борбору Эскиноокат айыл кеңешин райондук баш ийүүдөгү Ноокат шаары деп кайра түзүү аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Ноокат шаарын түзүү жараяны боюнча депутаттардын Ноокат райондук кеңешинин төрагасы Нурилло Хамиджанов адегенде, буларга токтолду:

- Бул көптөн бери, Советтик доордо да чечилбей келген маселе болчу. Президентибиз Аскар Акаев бул маселени чечиш керек деп тийиштүү органдарга тапшырма берди. Анткени бул маселени Эскиноокат, Гүлистан айылдык кеңештеринде калайык-калк менен, депутаттар менен жолугушуп, ортого койдук. Эскиноокат айылдык кеңешинин базасында Ноокат шаарын түзүү боюнча Чечмесе айылдык кеңешинен 686 адам өздөрүнүн колдоосун айтышты. Гүлистанда 686, Кожолукта 4316, Гүлистан айылдык кеңешинен 408, Кожолуктан 209 жаран бар. Бардыгы болуп жаңы түзүлө турган Ноокат шаарында 13300 киши болуп, 2779 кожолук болуп эсептелет. 18-март күнү болуп өткөн райондук кеңештин сессиясында бул маселе каралды, депутаттар аны толук колдоп беришти. Облустук кеңеш маселени 28-март күнү 18-сессиясында карап, алар дагы бир добуштан колдоп беришти.

Ал эми Ноокат шаарын түзүүнүн негиздери, зарылдыгы тууралуу Ноокат райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы Ташмамат Сегизбаев ой бөлүшөт:

- Райондук борборду шаар кылууга негиздер бар. Бул өзү эзелтен шаар тибиндеги жер деп айтсак болот. Калкынын саны, экономикалык өсүп-өнүгүшү бүгүнкү күндөгү Карасуу, Өзгөн шаарларынан кем калбайт. Азыркы шартка ылайык өнөр жай ишканалары иштеп жатат. Жаңыдан демилгелүү жаштарыбыз өсүп чыгып, жаңы ишканалар курулуп, өсүп-өнүгүүдө. Жакында Баткен облусу уюшулуп, ал жерде Ноокат районунун борборунун үчтөн бириндей болгон Баткен шаар статусун алды. Лейлек районунун борбору Исфана шаар статусун алды. Булар жаңы, жаш облусту колдоо максатында болгондугун биз туура түшүнөбүз. Районубуздун борборуна «райондук баш ийүүдөгү шаар» статусу берилсе деген маселени районубуздун аксакалдары кеңешип, демилге көтөрдүк эле. Референдумдун алдында урматтуу президентибиз Аскар Акаев биздин районго келип, өнөр жайы өсүп атканын көрдү. Эл-журт менен таанышып, ошол жерде кеңири сөз болгон мезгилде, мен райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы катары районубуздун жалпы калкынын, ошондой эле райондук борбордун тургундарынын атынан, районубуздун борборуна шаар статусун берүү маселесин ал кишинин алдына койгон болчумун. Андан кийин аксакалдардын кеңешинде өзүбүз карап, демилгелүү топ түзүп, бул маселени райондук кеңештин, райондук мамлекеттик администрациясынын алдына расмий түрдө койгонбуз.

Депутаттардын райондук кеңешинин төрагасы Нурилло Хамитжанов Эскиноокат айыл кеңеши Ноокат шаары болуп кайра түзүлсө, кандай өзгөрүүлөр болоорун мындайча чечмеледи:

- Четтен инвестицияларды алып келип, шаарды жашылдандырып, ошол иштерди жакшыртабыз деген максат болууда. Негизинен шаар болгондон кийин элдин көз карашы, сезими оңолуп, бардык иштерди мыйзам чегинде чечебиз деген максат, ой-пикир болуп атат. Карасуу шаары, Өзгөн шаары да көптөн бери калыптанып, калкынын да турмушу жылдан-жылга жакшы болууда. Биз да максатыбызга жетебиз деген үмүтүбүз бар.

- Болочок шаардык башкаруунун структурасы кандай болмокчу?

- Штаттык бирдиктерди тактап чыкканда, азыр шаардык башкаруу органында 22 киши бар.

- Алар кайсы имаратка жайгашат?

- Эскиноокат айыл өкмөтүнүн базасында уюшуп атат. Ошол түзүлгөн шаардын мэриясы Эскиноокат айыл кеңешинин имаратына жайгашып, келечекте ошол жерде иш баштайт. Мүмкүнчүлүк болсо, акча каражаттарын топтоп, жакшы имарат куруп алат деген үмүтүбүз бар.

- Эскиноокат айылы шаар болгондо эмне үчүн аны Эскиноокат эмес, Ноокат шаары деп атай турган болдуңуздар?

- Эскиноокат айылы 28-жылдан бери айтылып келип, айылдык кеңеш болуп түзүлгөн. Андан тышкары биздин райондо Жаңыноокат айыл кеңеши да бар. Ошондуктан биз «Эски» сөзүн алып салып туруп, жаңыдан түзүлө турган шаарыбызга Ноокат шаары деген наам берүүнү максат кылып койгонбуз. Райкеңештин депутаттары бир добуштан ошондой деп чечтик.

Ноокат шаарын түзүү маселеси жакында кыргыз өкмөтү менен Жогорку Кеңештин кароосуна коюлат.
XS
SM
MD
LG