Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

Сербияда экс-президент Воислав Коштуницанын эки саясий тарапкери камакка алынды


Бул ишти Коштуница саясий оппозицияны куугунтуктоо фактысы катары баалап, серб өкмөтүн айыптады. Кезинде Коштуницанын кеңешчиси болуп иштеген Раде Булатович менен армиялык коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Ача Томич, серб өкмөтүнүн айтымында, премьер Зоран Жинжичтин өлүмүнө байланышкан иликтөө иштеринин рамкасында кармалды. Жинжич киши колдуу болуп өлгөндөн бери бул ишке байланыштуу камалгандардын саны эки миң адамдан ашты. Кечээ Белградга келген Евросоюздун өкүлү Хавер Солана шаркет Сербияга финансылык жардам көрсөткөнгө ниеттенип жаткандыгын ырастады.

XS
SM
MD
LG