Алардын баары, Ирандын ички иштер министрлигинин айтымында, шашылыш жардамга муктаж. Британ командачылыгы кабарлагандай, жакынкы күндөрдө Умм-Каср портуна Бириккен Арап Эмираты менен Австралиядан гуманитардык жүк тарткан кемелер келет. Кечээ Кувейттен Иракты көздөй азык-түлүк, таза суу жана дары-дармек тарткан автокербен жолго чыкты.