Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Түндүк Ирактагы Киркук шаары толугу менен коалициянын колуна өттү


Пентагондогу маалымат жыйынында муну генерал Стэнли Маккристал ырастады. Шаарга америкалык контингент менен бирге күрттөрдүн отряддары да киришкен эле. Бирок ошол эле күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл күрт отряддары Киркукта калбай тургандыгына Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүлдү ишендирди. Өз тарабынан анкаралык министр түндүк Иракка түрк аскерлери кирбейт деп ырастады. Ак үйдүн өкүлү Ари Флейшер бышыктагандай, Киркук коалициянын контролдугунда болот. Кокус Киркук менен Мосул шаарлары күрттөрдүн көзөмөлүнө өтчү болсо, Анкара районго өз армиясын киргизгенге аргасыз болорун мурда эскертип келген. Түркия түндүк Иракта күрттөр өздөрүнүн көз карандысыз мамлекетин жарыялап жиберет деп чочулайт.

XS
SM
MD
LG