Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

МУХИТТИН ЭКИ ТАРАБЫНДАГЫ ШЕРИКТЕР ЭЛДЕШЕБИ?


Жакында Франциянын белгилүү журналисттеринин бири Клод Эмбер Батыштын биримдиги Ирак согушунун алгачкы курмандыгы болуп калды деген оюн айтып чыккан эле. Согуш аяктап бараткан сайын бул маселеге көбүрөөк көңүл бурула баштады. Айрым байкоочулар трансатлантикалык мамилелер бат эле оңолуп, мурдакы калыбына келет дешсе, башкалары азыркы пикир келишпестикти эл аралык байланыштардагы кризистин башаты катары мүнөздөп жатышат.

Ирак кризисин чечүүдө айларга созулуп кеткен дипломатиялык тирешүүнүн натыйжасында АКШ жана анын айныбас шериктери болуп келген Франция менен Германия баррикаданын эки тарабына бөлүнүп калышты. Белгилүү болгондой, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Париж менен Берлин Москва жана Бээжинге кошулуп, Иракка каршы күч колдонуу аракеттерин болтурбоо үчүн добуш берип келген. Лондон жана Вашингтон болсо өз кезегинде дагы бир ирээт ветого кабылуу коркунучунан качып, кризисти чечүү аракеттери дипломатиялык майдандан согуш майданына көчтү.

Согушка чейинки талаш-тартыштар учурунда кээ бир аналитиктер сөз Иракты куралсыздандыруу жөнүндө эмес, иш жүзүндө, француз саясатчылары айткандай, АКШнын “супердержава” катары дүйнөдө тең салмактуу система түзүү аракеттери тууралуу жүрүп жатат деген ойлорун арбын айткан эле.

Кандай болгон күндө да, уруш аяктап бараткансыйт. Буга байланыштуу адистерди “трансатлантикалык капсалаң” да басаңдап, АКШ Европанын лидерлери менен элдешип, мурункудай кызматташабы деген суроо көбүрөөк кызыктыра баштады. Алардын айрымдары бул соболго “ооба” деп жооп беришет. Мындай божомол жакында сынактан өткөнгө мүмкүнчүлүк алды. Атап айтканда, Франция, Германия жана Россия Иракты согуштан кийин калыбына келтирүү, өлкөнүн жаңы башкаруу системасын түзүү иштеринде БУУ негизги ролду ойношу керек деген турумда. Париж, атүгүл, уюмдун Коопсуздук Кеңеши Иракты АКШнын көзөмөлү астына өткөрүү жөнүндө резолюция кабыл алам десе, андай чечимге дароо вето койоорун азыртан эле эскертти.

Аталган үчилтиктин мындай пикирине БУУнун башкы катчысы Кофи Аннан да кошулат. Шейшембиде Нью-Йоркто сүйлөгөн сөзүндө Аннан мындай деп белгиледи:

- БУУ согуштан кийинки Иракта маанилүү роль ойнойт деп үмүт кылам.Уюмдун бул жаатта бай тажрыйбасы бар. Биз өлкөнү калыбына келтирүү боюнча донор мамлекеттер жана өзүбүздүн агенттиктерибиз менен биргелешип азыноолак иш жүргүзүп келдик.

Бирок Вашингтон: “Бириккен Улуттар, албетте кайра куруу иштерине катышат, бирок башкарууга келгенде АКШ жетекчилик кылат”, - деп ачык айтууда. “Херитэж” фондунун өкүлү Найл Гардайнер Батыш дагы бир ирээт пикир келишпестиктин туңгуюгуна такалууда деп эсептейт:

- Биз дагы бир трансатлантикалык жаракага күбө болот өңдөнөбүз. Согуштан кийинки Иракты ким башкарат деген өзөккү маселеде Буш өнөгүнө оңой эле алдырат деп ойлобойм.

Анын айтымында Париж, Москва жана Берлин Вашингтон менен алакаларын жакшырткысы келсе, согуштан кийинки Иракта европалык көзөмөл жөнүндө сөз кылбашы абзел.

АКШнын тарабында турган Улуу Британия болсо БУУнун ролу жөнүндөгү билдирүүлөрү менен Евробиримдик боюнча шериктери менен Вашингтонду элдештирүү жаатында бир кадам жасагандай болду. Байкоочулар андай элдешүүнүн алгачкы белгилери пайда болгонсуйт дешүүдө. Германиянын расмий өкүлдөрү жакында Саддам режимине каршы күрөштө коалицияга ийгилик каалаарын билдиришти. Россиянын президенти Владимир Путин, өлкөдөгү антиамериканизмдин күчөшүнө карабай, президент Буштун коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс менен болгон сүйлөшүүлөрүндө Вашингтон менен кызматташтыгын үзгүлтүккө учуратпоого кызыкдар экенин жашырган жок.
Адистердин баамында, Ак Үйдүн оппоненттеринен азырынча жалгыз гана Париж коалицияга колдоо же Вашингтон менен жакындашуу ниети жөнүндө олуттуу ишаара кыла элек.

XS
SM
MD
LG