Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:04

Саддам Хусейндин режимине каршы аскердик кампания аяктап бараткан чакта эл аралык коомчулук согуштан кийин Иракты калыбына келтирүү маселесин кызуу талкуулай баштады. Бейшембиде Вашингтондун өкүлдөрү Ирактагы кайра куруу иштерине Бириккен улуттар уюму эмес, англо-америкалык коалиция башчылык кылат деп дагы бир ирет кайталашты.

Бейшембиде Сенаттын аскерий маселелер боюнча комитетинде доклад жасаган АКШнын коргоо министринин орун басары Пол Вулфовиц согуштан кийинки Ирактагы иштерге Америка баштаган коалиция жетекчилик кылат деп ишеничтүү билдирди. Анын айтымында, Вашингтон Бириккен улуттар уюму Иракка гуманитардык жардам көрсөтүү жагын тейлеши керек деп эсептейт:

- Биз Бириккен улуттар уюмуна караштуу агенттиктер менен дүйнөдөгү бардык бейөкмөт уюмдардын Ирактын элине токтоосуз гуманитардык жардам көргөзө башташын кызуу кубаттайбыз. Бириккен улуттар андан сырткары ирак элинин ич ара биримдигин, башка мамлекеттер менен, жалпы эл аралык коомчулук менен ынтымак-ырашкерликте жашашын бекемдөөдө маанилүү роль ойной алат.

Вулфовиц андан ары: "Ирактын мунай кендерин жана башка табигый ресурстарын ирактыктар өзүлөрү иштете алышат. Ал үчүн Иракта кесибин мыкты билген адистер жетиштүү, андыктан көп узабай өлкөнүн жаңы, эл шайлаган демократиялуу өкмөтү мамлекет байлыгын башкарууга кирише алат", - деп басым жасады.


Сенатта президент Жорж Буштун Иракка карата саясатына, Саддамга каршы согуштук кампанияга каршы көз караштагы адамдар жок эмес. Андай сенаторлордун бири, демократ Роберт Бөрд Вашингтондун Бириккен улуттар уюмуна ыйгарган ролу өтө жупуну эмеспи деп какшык аралаш тактай кетти. "Эмне үчүн АКШ анчалык тарткынчыктап, Бириккен улуттар уюмунун Иракты калыбына келтирүүдөгү маанилүү ролун азык-түлүк, дары-дармек жеткирип-таратуу менен чектеп койгон?" – деп сенатор Бөрд Пентагондун өкүлүн ачыгыраак сүйлөөгө түртмөлөдү. Айткандай эле, анын суроосуна жооп берип жатып, АКШнын коргоо министринин орун басары Бириккен улуттар уюму – согуштан кийинки Иракта башкаруучу ролду аркалай албайт, Боснияны 8 жылдан бери тейлеп келатат ко, Иракта антип создуктурууга болбойт, аз убакыт ичинде бийлик менен жоопкерчиликтин баары элдин өзүнө өткөрүлүп берилиши кажет деп белгиледи.


Сенаторлор жума күнү лидерлери Санкт-Петербургда чогулуп жаткан Орусия, Франция, Германиянын бул маселеге карата мамилесин сураганда, Пол Вулфовиц аталган 3 өлкөнүн өкмөттөрү эң ириде Ирактын эски карыздарын кечүү жөнүндө ойлонушу керектигин эскертти:

- Мен бул өлкөлөр Саддамга хансарайларды курууга, курал-жарак сатып алууга, элди эзип-кыйноого берген ири көлөмдөгү акчалары тууралуу ойлонушат деп үмүттөнөм. Алар бул карыздын бир бөлүгүн, же бүт бойдон кечишсе, жаңы ирак өкмөтүнүн мойнундагы жүктү жеңишдетишмек.

Эксперттер Ирактын тышкы карызы 100 млрд доллардан ашуун деп айтып жүрүшөт. Орусия, маселен, 90-жылкы Перси булуңундагы согуш маалында Иракка мурдагы Советтер Союзу берген курал-жарактын акчасын доолап, эмдигиче ала албай жүрөт. Ал согуш учурундагы жана ирактык фирмалардын чет элдик кампаниялар алдындагы карызын кошуп эсептегенде, Багдаддын мойнундагы карыз 300 млрд долларга чаап барышы мүмкүн. Ирактын жалпы карызынын эсеп-кысабы, финансылык абалы, кризистен чыгуунун жолдору жана согуштан жапа чеккен ирак элине көрсөтүлчү жардамдын көлөмү – ушул ишембиде чогула турган дүйнөдөгү эң алдыңкы жети өлкөнүн финансы министрлери менен улуттук банктарынын жетекчилеринин жыйынында сөз болот. Ал жолугушууга АКШ, Британия, Франция, Канада, Германия, Италия, Жапониядан башка Орусиянын да өкүлдөрү катышышат. Ошондой эле эртеси алар менен согуштан кийин Иракка көрсөтүлчү жардам маселесин Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта корунун жетекчилери талкуулашат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG